Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:11

КӨКБӨРҮНҮН ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК ТАРАПКЕРЛЕРИ КӨБӨЙДҮ


Эл аралык "Көкбөрү" федерациясы Бишкекте Көкбөрү оюну боюнча "Эл аралык категориядагы" калыстык наамын алууга - дүйнөнүн алты өлкөсүнөн келгендерге окуу-семинар өткөрдү.

Бишкекте Көкбөрү оюну боюнча судьялардын окуу-семинары болуп, ага Орусия, Өзбекстан, Тажикстан, Кытай, Ооганстан, Казакстандан өкүлдөр келип окушту. Семинар "Аккула" ат майданында практикалык иштер менен айкалыштырылып, келечекте Көкбөрү боюнча өтүүчү Эларалык мелдештерде калыстык кылуучу адам анын эрежелерин кандай сактоо керектиги, беттешүү мезгилиндеги судьянын ролу, жасай турган иши көрсөтүлдү.

Дүйнөнүн алты өлкөсүнөн келгендер он күн бою Көкбөрү боюнча "Эл аралык категориядагы калыс" сертификатын жана дипломун алуу үчүн ат салышты. Акыры экзамен берчү күн келди. Бирок жыйынтыгы такыр башкача болду. Эмесе, кандай болгонун Көкбөрү боюнча Эл аралык федерациянын баш катчысы Болот Шерниязовдун сөзүнөн тыңдайлы:

- Экзаменди эки гана адам тапшырып, эки гана адам "Көкбөрү боюнча "Эл аралык категориядагы калыс" наамына татыктуу болушуп, сертификат жана диплом алышты. Ал эки адамдын бири - Казакстандык Наухан Нур, бири Россия Федерациясынын өкүлү Данил Иванович Маныев болду. Кечирип коюңуздар, эл аралык Көкбөрү федерациясы мындан ары карай да бул наамды ыйгарууда өтө катуу тартипти сактай бермекчи. Аны турмушта боло жүргөндөй тааныштык менен, башка бир айла-амалдар менен такыр алууга болбой тургандыгын айтып койоюн.

Биз анан Орусиянын Тоолуу Алтай Республикасынан келип, Көкбөрү боюнча "Эл аралык категориядагы судья" сертификатына татыктуу болгон Данил Иванович Маныевди сөзгө тарттык:

- Бизде Алтайды жердин киндиги деп коюшат. Эгер Алтай жер киндигин туташтырып, бир уюлга бириктирип турса Көкбөрү да мындан ары жер үстүндөгү бүткүл түрк элин бир уюлга бириктирген рухий кудурет болушун каалайм. Биздин ата-бабалар өз уулдарын шамалдай шамдагайлыкка, куштай ыкчамдыкка үйрөткөнүн, Көкбөрүдө элдердин ынтымакка, достукка, жакшылыкка бириктирген касиет бар экенин алар кайдан билишсин. Мында ары да Көкбөрү мына ушундай бириктиргич күчкө ээ боло берсин.

Анан казакстандык судья Наухан Нурга, Россия Федерациясынан келген судья Данил Иванович Маныевге Эл аралык Көкбөрү федерациясынын "Эл аралык категориядагы калысы" сертификаты диплому менен салтанаттуу тапшырылды. Аны Эл аралык Көкбөрү федерациясынын баш катчысы Болот Шерниязов тапшырды.
XS
SM
MD
LG