Жорж Буштун айтымында, алар баштаган коалиция Саддам Хусейинди бийликтен кулатуу менен дүйнөнүн талабын гана ишке ашырды:
-Диктатор 1991-жылы элдешүүнүн бир шарты катары Коопсуздук Кеңештин баардык резолюцияларын кыйшаюусуз аткарууга макул болгон. Бирок он жыл бою ал чечимдерди жерип келди. Акыр аягында Коопсуздук Кеңеши ага олуттуу кесепеттер болорун эскертти. Эгер биз олуттуу кесепеттер жөнүндө айтып жатсак, тынчтык үчүн мындай олуттуу жыйынтык орун алыш керек. Демек эл аралык коалиция дүйнөнүн талабын гана аткарды.
Ага катар АКШ президенти Иракта стабилдүүлүк орнотуу үчүн БУУ жана анын мүчөлөрү жардам бериш керектигин белгиледи:
- БУУ жана уюмга катышкан өлкөлөр премьер- министр Ияд Аллавинин суроо-талаптарына жооп бериши, коопсуз, эркин, демократиялуу, федералдык Иракты куруш үчүн колдон келген жардамды көргөзүшү керек.