Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:06

ОРУСИЯ МЕНЕН ТҮШТҮК КОРЕЯ АЛАКАСЫ


Муса Мураталиев, Москва Дүйшөмбүдө Түштүк Корей президенти Но Му Хен 4 күндүк сапар менен Москвага келди. 21-сентябрда Кремлде президент Владимир Путин менен жолугушуп, терорчулук маселесин талкуулашты. Ошондой эле Пхеньяндын ядролук планынын негизинде пайда болгон кармашты кантип токтотуунун чараларын талкууга алышты. Бул түштүккорей лидеринин Москвага жасаган биринчи иш сапары. Ал эми эки өлкө ортосундагы мамиле, анализчилер баамында, баарыдан мурда энергетика жана жол жаатында өнүкмөкчү.

Кийинки учурда Түндүккорей режиминин ядролук планы дүйнө коомчулугун, баарыдан мурда Кошмо Штаттар, Кытай, Жапония, Орусияны катуу элеңдетип атканы баарыга маалым.

Мына ошондой кезде Түштүк Корей лидери Но Му Хендин ат арытып, жол карытып Москвага келишин, анализчилер Пхэньян ядролук планын токтотуу менен байланыштырып жатышат. Эмнеси болсо да, кечөө 20-сентябрда бийик даражалуу конокту Владимир Путин калаанын четиндеги Новое Огарево турагында кабыл алып, үч саат бою көздөн далдада баарлашты.

Шейшембиде Кремлде ырасмий каада үстүндө орусиялык лидер эки мамлекет ортосундагы экономикалык катнаштын мыкты натыйжа берип атканын биринчи орунда белгиледи:

- Экономикалык байланыш абдан ыкчам өнүгүп баратат. Соода-сатыктын өсүшү биринчи жарым жылдыкта 50 пайыздан алда канча артык жыйынтык берген. Бул эң мыкты көрсөткүч болуп эсептелет, - деди орусиялык президент.

Андан аркы кебинде ал өлкөдө жүз миңден ашуун корей улутундагы орусиялык атуулдар бар экенин да айта кетти.

Президент Но Му Хен чачпагын көтөрүп жүргөн түштүккорейлик 50дөн ашуун аттуу-баштуу ишкерлер туурасында маалымат жупуну болууда. Бирок сырттан көз салуучулар, эки өлкө жетекчилери жетишишкен келишимдер дал ошолор тараптан турмушка ашырылат экен дешет.

Андай долбоорлорго Корей жарым аралына дейре Ыраакы Чыгыш тараптан жаткырылып баруучу газ ноо менен мунайзат ноосун айтышат. Алардын чыгымы ошол ишкерлердин каражаты менен чукталат экен дешет. Эки өлкө ортосундагы абдан келечектүү долбоор болуп, Сибирь аркылуу өтүүчү темир жол түйүнүн айтышат. Мындай ойду, маселен, орусиялык анализчи Валерий Санфиров айтат:

- Көп нерселерди үмүт эттирген орусиялык-корейлик долбоор – Транссибирдик магистраль болуп эсептелет. Ал бизди Корей жарым аралы менен туташтырат, - деди.

Түштүккорей делегациясынын сапары карыганга чейин бир топ келишимдерге кол коюшуулар болот дешүүдө. Алардын бири ушул күнү Сбербанк менен Корей жумурияттык банкынын 50 миллон доллар эсептеги каражатты эл аралык банктар насыясына жумшоо максатында түзүлгөн келишим болгон. Келип, түшүп аткан күнү, президент Но Му Хен мамлекетик экинчи сыналгы аркылуу орусиялыктарга мындайча салам дубай айтты:

- Орусиянын улуу тарыхы жана улуу маданияты бар. Жери абдан кенен жана байлыгы мол. Экономикалык кубаты барган сайын жетилип келатат.

Андан ары Корей жарым аралына туташ жаткан төрт ири мамлекеттин бири катары ага Чыгыш Азияда ырааттуулукту орнотууда чоң бел болор мамлекет деп Москванын ордун белгиленген.

Баса, Түштүк Корей делегациясы ара жолдо Астанада болуп, анан Москвага келди. Казакстан лидери менен түштүккорей лидери жолугушуп, алыш-бериштеги мамиле жаңыланганы айкын болду. РИА-«Новости» агенттиги жеткирген кабарда: «Казакстан 2009-жылдан тартып ар жыл сайын Түштүк Кореяга тазалана элек 500 тонна уран жөнөтүп турмак болду», деп айтылган.

Айта кете турган маалымат - дүйнө коомчулугу алдында Түштүк Корея эч убакта атомдук бомба жасабоо милдетин алган. Өлкөдө 16 атом электр станциясы иштейт.

XS
SM
MD
LG