Прокуратура белгилүү магнат Борис Березовскийге "финансылык көз боёмочулук жана кызматынан кыянат пайдаланган" деген кинелер боюнча жаңы кылмыш иш козгоду.
Березовский – Британияда бозгунчулукта жүрөт, Орусиянын бийликтери аны кармап берүү өтүнүчүн Эл аралык полиция – Интерполго кайрадан жолдоду. Москва шаардык прокуратурасынын өкүлү Иван Сидорук Березовскийге бул ирет башкалаанын чет жагындагы Жуковкадан өкмөткө тийиштүү жерди мыйзамсыз ээлеп алган деген кине тагылды.
Белгилүү бизнесмен өз убагында мурдагы орус президенти Б.Ельциндин кеңешчиси болгон, буга чейин ага улуттук "Аэрофлот" компаниясынын миллиарддаган долларын максатсыз короткон жана орусиялык "АвтоВАЗ" ишканасынан автомобилдерди уурдаган деген айыптар тагылган.