Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:16

ШАНХАЙ КЫЗМАТТАШТЫК УЮМУ ӨЗҮНҮН ЖАҢЫ БАРАГЫН АЧТЫ


23-сентябрда Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын эки күнгө созулган жыйыны аяктады. Анын ишине Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Орусиянын премьер-министрлери, Өзбекстан менен Тажикстандын вице-премьерлери катышты. Жыйын учурунда өкмөт башчылар уюмдун уюштуруу иштери толук аяктап, анын тарыхында жаңы барак ачылганын белгилешти. Жолугушууда Шанхай уюмунун мындан аркы ишине байланыштуу бир катар документтер талкууланып, алар кабыл алынды. Жыйындын соңунда биргелешкен коммюникеге кол коюлду.

Мындан бир жыл мурда Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттер ортосундагы көп тармактуу соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча план кабыл алынган. Бишкектеги жыйында ал программаны аткаруунун планы тууралуу чечим кабыл алынды. Бул документтин турмушка ашышын ар бир мамлекет баарыдан мурда өз кызыкчылыгынын кырынан көрөт.

Мисалы үчүн Кыргызстан бул документтин алкагында транспорт каттамдарын жакшыртып, Шанхай уюмуна мүчө мамлекеттерге автожол, темиржолдорду салып, карым-катнашты кызытууга кызыкдар. Ошондой эле Кыргызстан өзүнүн гидроэнергетикалык ресурстарын уюмга мүчө өлкөлөр менен биргелешип, майнаптуу пайдаланууга даяр:

- Кыргызстан Тажикстан сыяктуу эле гидроэнергетикалык ресурстарга бай жана аны аймактагы мамлекеттердин кызыкчылыгына майнаптуу пайдаланууга болот. Бирок мурда курулган ГЭСтерди ремонттоого жана жаңы ГЭСтерди курууга чоң акча керек. Биз Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында бул маселени чечебиз деген үмүттөбүз, - деди Кыргызстандын өкмөт башчысы.

Ал эми уюмдун аталган программасынын алкагында Казакстан Шанхай уюмуна кирген мамлекеттер менен мунай куурларын куруу боюнча долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө кызыкдар экенин казак өкмөт башчысы Даниал Ахметов белгиледи:

- Азыркы тапта Казакстан Шанхай уюмуна кирген Кытай менен биргелешип, келечекте Атасу-Алашанькоу мунай куурун, Орусия жана Кытай менен Омск–Павлодар–Чымкент–Чарджоу мунай куурун курууга, Кытайга газ сатууга, Ташкен-Бишкек-Алмата газ куурун ремонттоого кызыкдар.

Жыйында өкмөт башчылар террорчулукка жана экстремизге каршы күрөшкө өзгөчө көңүл бурушту. Сөз сүйлөгөндөрдүн дээрлик баардыгы бул маселеден кыйгап өтө алышкан жок.

- Коопсуздукту сактоо, террорчулук, сепаратизм жана экстремизмге каршы күрөшүү - биздин уюмдун негизги милдети болуп саналат. Мен муну өзгөчө белгилегим келет. Терроризмдин биздин мамлекеттерге коркунучу күчөп турган азыркы тапта аны менен күрөшүүнү жаңы деңгээлге көтөрүшүбүз керек, - деген маселе койду Николай Танаев.

Ал эми Орусиянын премьер-министри Михаил Фрадков болсо жакында Москвада, Бесланда болгон террордук актыларды эске салып, Шанхай кызматташтык уюму терроризмге каршы күрөштө маалымат алмашуу маселесине өзгөчө көңүл бурушу керек деди:

- Бизге жакшы маалымат базасы зарыл – аны түзүүгө бизде баардык укуктук жана уюштуруу негиздери түзүлдү. Эми болсо бизге - кагаздан ишке өтө турган кызматташтык керек.

Орус премьери бул иште Шанхай уюмунун быйыл 17-июнда Ташкенде ачылган антитеррордук борборунун ролун баса белгиледи.

Фрадковдун пикирине үндөш ойду Кытайдын премьери Вэнь Цзябао да айтты. Ал дагы терроорго каршы күрөштө күчтү бириктирүү керек деп эсептейт. "Биз, Бесландагы окуларга байланыштуу орус бийлиги терроризмге каршы күрөштүн алкагында соңку учурда жасап жаткан аракеттерди колдоого алабыз. Бул багытта биз кызматташтыкты артырышыбыз керек. Мен Шанхай уюмунун Пекинде жайгашкан аткаруу катчылыгы ал маселеде маанилүү рол ойноого тийиш деп ойлойм", деди Кытайдын премьери Вэнь Цзябао.

Жыйындын аяганда биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Андан тышкары уюмдун 2005-жылдагы бюджети, Ташкендеги антитеррордук борбордун жана Пекиндеги аткаруу катчылыгынын ишин камсыздоого кетүүчү каражат чукталды. Шанхай уюмунун интернеттеги баракчасы ачылды: www.sco-ec.gov.cn

Шанхай уюмуна кирген мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кезектеги жыйыны 2005-жылы сентябрда Москвада өтмөк болду.

Сүрөттө: Шанхай кызматтыштык уюмуна кирген мамлекеттердин өкмөт башчыларынын 2004-жылы 23-сентябрда Бишкекте өткөн жыйынынан кийин (Солдон оңго: Казакстандын премьер-министри Даниал Ахметов, Кытайдын премьери Вэнь Цзябао, Кыргызстандын премьер-министри Николай Танаев, Орусиянын премьер-министри Михаил Фрадков, Өзбекстандын вице-премьер-министри Уткир Султанов, Тажикстандын вице-премьер-министри Асадулло Гуломов).

Фото автордуку.

XS
SM
MD
LG