Жыйында жергиликтүү кеңештерге 10-октябрда боло турган шайлоого даярдык жана ага коомчулуктун катышы жөнүндөгү маселе талкууланып, кемчиликтер ортого салынды. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаевдин айтымында, жергиликтүү кеңештерге депутаттыкка өлкө боюнча 10 миң 940 талапкер катталды.
Бирок Бишкектен башка жерлерде жергиликтүү бийликтин тагдырын чече турган бул шайлоого жеткиликтүү маани берилген жок. Муну Бишкекте бир орунга 40ка жакын талапкердин катталганы, ал эми алыскы айрым райондордо бир-экиден эле талапкер көрсөтүлгөнү айгинелейт.
Сулайман Иманбаевдин айтымында, жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышууга саясий партиялар да абдан ыкшоолук кылышып, сегиз гана партия өз талапкерин көрсөттү. Алар да үгүт иштерин жүргүзбөй, аны шайлоо комиссияларынан күтүшүүдө:
- Бул шайлоо комиссияларынын көйгөйү эмес. Тилекке каршы, коомдо азыр үгүт иштерин жүргүзүү мейкиндиги бош. Аны саясий партиялар ээлеш керек. Анткени, алардын негизги максаты өз өкүлдөрүн бийликке жеткирүү да!
БШК төрагасынын мындай билдирүүсүн колдоого алган бейөкмөт уюмдардын «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясынын президенти Эдил Байсалов саясий күрөшкө катыша албаган саясий партиялар өзүн саясий күч деп саноого моралдык укугу жок деп билдирди:
- Жергиликтүү кеңештерге шайлоонун маанисин кээ бир оппозициячыл саясий партиялар түшүнбөй, мүмкүнчүлүктү пайдалана алышкан жок. Ошол эле учурда андай партиялардын өкүлдөрү «Алга, Кыргызстан», «Адилет», «Элет» партиялары өз талапкерлерин көрсөттү, административдик ресурстарды пайдаланышты» деп арызданып жатышат. Мен муну түшүнбөйм. Өздөрү шайлоого катышпагандан кийин жана шайлоо комиссияларына өз мүчөлөрүн сунуш кылышпагандан кийин ушундай сөздөрдү айткандары туура эмес. Кыргызстандын келечектеги саясий системасын түзө турган ушундай саясий иштерге катышпа алышпаса, алардын өз күнөөсү. Алар өздөрүн саясий күч деп айтууга моралдык укугу жок.
Жыйында шайлоо алдындагы өнөктүктөгү башкы кемчилик Шайлоо кодексинен баштаган көрсөтмө берүүчү маалыматтардын жетишсиздиги, талапкерлердин шайлоо фондусун түзүүсү, каражат сарптоосу тууралуу көрсөтмөлөрдүн жоктугу болууда деп белгиленди. Ушуга байланыштуу көп талапкерлер уюштуруу иштерине убактысын коротуп, шайлоочулары менен тааныша элек.
«Менин өлкөм» партиясынын координатору Галина Куликованын айтымында, ушундан улам шайлоо комиссиялары одоно мыйзам бузууларга барып жатат:
- Эч кандай көрсөтмөлөр жок. Мен азыр региондордо эмне болуп жаткандыгын элестете албай турам. Көрсөтмөлөр жок болгондон кийин талапкерлер одоно мыйзам бузууларга барышы, анын негизинде талапкердин марадан чыгуусу толук мүмкүн.
«Тегерек столдо» массалык маалымат каражаттарынын үгүт иштерине катышы да көңүл бөлө турган олуттуу маселе деп белгиленди. Анткени, алар үгүт иши үчүн алына турган акы көлөмүн айтпай, оолактап жатышкан экен.