Америкалык эксперт Фредерик Стардын айтканына караганда, 2001-жылы август айында Швейцарияда орусиялык тарап чечен жикчилдери менен тил табышып, келишим түзүлгөн. Азыр ал келишим эстен чыгып кеткени айтылат.
Бесланда кызылдай кыргын түшөөрдө Чеченстандын азаттыкка чыгуусу талап кылынган. Путин андай сунушту капарына алган жок. "Кайра барымтачыларды күчкө салып кармап алабыз максатында убакытты создуктура берген" деп жазат Стар. Бул маселени чечүүчү президенттен бөлөк күч жок деп белгилеген. "Өлкөдө көз карандысыз орган болуучу Мамдуманын муну чечүүгө жеткидей күч жок. Думанын болушу азыркы тушта эч нерсе бербейт" деген талдоочу.
Чеченстандагы абалды жумуриятты басып алуу катары эсептеген орусиялыктар деле кыйла бар. Либералдык көз караштагы саясий элитадан, маселен, Ирина Хакамаданын пикири мындай:
-Эмнени өйдө деп эсептесе болот? Мүдөөсү бийик, улуу эл болуубу же жеке адамдын өмүрүн сактоо өйдөбү? Бесландагы окуя - Орусияны сыноо болду. Орусияда адамдын өмүрү эч убакта тыйынча да баага татыган эмес.
Кремлдик саясатчылардын Чеченстандагы согушту жер жүзүндө терорчулуктун бири деп көргөзүшү коошпогон кеп экенин айтышат. Бесланда барымтачылардын койгон талабы - саясий талап болгондугун «Эхо Москвы» үналгысынын журналисти Алексей Венедиктов мындайча түшүндүрөт. Алар жиберген катта, болгону:
- "Путин – кызматтан кетсин!", "Чеченстанга – азаттык берилсин!" деген талап коюшту. А Нью-Йоркко кол салып кирген "аль-Каиданын" жанкечтилери эмне, "Буш – кызматтан кетсин!" деди беле? Жок!, - дейт. Андан аркы кебинде журналист орусиялык бир аймактын атуулдары, болгону өз көзкарандысыздыгын талашып аткандыгын, ошол себептен аларды эл аралык экстремисстик уюмдар дешке болбой тургандыгын айтат.
Мурдагы Ичкерия жумуриятынын президенти Аслан Масхадовдун чет өлкөлөрдөгү өкүлү Ахмед Закаев федералдык жетекчилик менен тил табышууга даяр экенин мындайча билдирет:
-Биз куралдуу күрөштөн баш тартып, сүйлөшүү жолуна өтүп, бардык талашка түшкөн маслетти таттуулук менен гана чечүүгө бүгүн да даярбыз.
Вашингтондогу Жон Хопкин (John Hopkin)университетинен чыккан Фредерик Стар (Frederick Starr) анализинин бир жеринде «Михаил Горбачев жакында азыркы бийликке чечен төбөлдөрү менен сүйлөшүп, тил табышууга чакырды – бул жакшы жышаан», деп жазат.