Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:08

Орусия БУУнун жыйынында террорчуларга карата "кош стандарттуулук" маселесин көтөрдү


Бүгүн Бириккен улуттар уюмунун 59-башкы ассамблеясында Иран, Ирак, Казакстандын жетекчилери сөз алышат. Кечээ анда чыгып сүйлөгөн Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров террорчулукка каршы аракеттерди күчтөндүрүш үчүн эл аралык коопсуздук системасын бекемдөөгө чакырды.

- Террорчуларга, алардын жардамчылары, демөөрчүлөрүнө башпаана берүү – жалпы антитеррордук күрөштүн катышуучулары арасындагы биримдикти ыдыратып, өз ара ишенбөөчүлүк жаратууда. Ошондой эле андай аракеттер террорчулардын башка өлкөлөрдөгү кылмыштарына жол ачууда, - деди Москвалык башкы дипломат.

Британиянын тышкы иштер министри Жек Стро өзлөрүнүн саясий качкын статусунан пайдаланып, террорчуларды каржылап, аларга жардам берген адамдарды талап кылган өлкөгө өткөрүп берүү тууралуу Орусия сунуш кылган резолюция долбоорун колдой турганын билдирди.

Түркиянын тышкы иштер министри Абдулла Гүл Улуттар уюмунун Коопсуздук Кеңешине эки жылга мүчө болуу демилгесин көтөрүп, Түркиянын дүйнөдөгү бейпилдик менен туруктуулукка кошкон салымын белгиледи.

XS
SM
MD
LG