Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:30

СУУЧУЛДАР ПИНОЧЕТТИН КЫЛМЫШТАРЫНЫН ДАЛИЛИН ТАПТЫБЫ?


Тынч океандын Чилиге жакын жайгашкан тереңинен мурдагы диктатор Аугусто Пиночеттин учурунда сотсуз өлтүрүлгөн кишилердин сөөгү байланып ташталган деп жоромол кылынган темир жол релсинин сыныктары табылды. Чилинин соту Хуан Гузман бул темир сыныктарын суу астынан таап чыгууга буйрук кылган. 88 жашар мурдагы диктатордун мындан аркы тагдыры кандай болоору, деги, ал адилет сот жазасына тартылабы же жокпу, азырынча анык эмес.

22-сентябрда чилилик суучулдар Тынч океандын боюндагы Квинтеро жергесинен бир чакырымдай алыстыктагы тереңдиктен шектүү релс сыныктарын таап, жээкке алып чыгышты. Суучулдар өлкөнүн соту Хуан Гузмандын (Juan Guzman) буйругу боюнча бул сыныктарды көптөн бери издеп жатышкан. Укук коргоочулардын жана мурдагы хунтадан жабыр тарткандардын жакындарынын айтымында, генерал Аугусто Пиночет бийлик кылып турган 1973-1990-жылдары өлкөдө дээрлик 3 миңдей киши кыйноого алынып, өлтүрүлгөн.

Набыт болгондордун көпчүлүгү 1973-жылы 11-сентябрда уюштурулган төңкөрүш маалында урушуп жатып өлгөн солчул президент Салвадор Альенденин тарапкерлери эле. Мурда саясат менен иши жок болуп, кийинчерээк хунталык режимге каршы чыккан интеллектуалдар да кара тизмеге алынып, набыт болгон.

Генерал Аугусто Пиночеттин режими чилилик коммунисттердин бир катар жетекчилерин 1970-жылдары сотсуз эле кыйнап өлтүргөн. Бул кылмыштын изин жашыруу үчүн аскердик хунта жүздөгөн кишилердин сөөктөрүн темирге жана башка оор нерселерге байлап, мухитке таштаткан.

Суу астынан чыгарылган темир жол релстеринин сыныктарынын жанынан эч бир сөөк табылган жок, бирок чилилик аскер жетекчилигинин ардагер өкүлдөрү чынында да Пиночеттин тушунда режимдин душмандары мерт кылынып, алардын сөөктөрү тик учактар менен ташылып, мухитке ыргытылган деп 2001-жылы моюнга алышкан. Алардын көрсөтмөсү сот Гузман үчүн алиги релс сыныктары жаткан мухит таманын аныктоого көмөкчү болду.

Мурдагы диктаторду адилет сот жазасына тартуу аракети 1998-жылы жасалган. Испан соту чилилик экс-диктаторду камакка алуу тууралуу буйрук чыгарган соң, Британиянын полициясы генерал жана сенатор Пиночет Лондонго келген чагында аны убактылуу камакка алган. 2000-жылы жазында гана ал өз өлкөсүнө кайтып келген.

Ошол учурда Британиянын ички иштер катчысы кызматын аркалаган Жэк Стро болсо 2000-жылы 2-мартта Британ парламентинде чыгып сүйлөп, сенатор Пиночеттин акыл-эси менен байланыштуу саламаттыгынын өтө начар абалы аны соттогон сот үчүн адилеттикти камсыз кылып бере албайт деген жүйөөнү айткан. Стро карыган экс-диктаторду өз өлкөсүнө койо берүүгө аргасыз болуп жатканын мындайча билдирген:

- Эл аралык кылмыш жасады деп айыпталган кишилерге карата жалпы соттук система колдонулат деген принципке мен өтө олуттуу маани берем. Ошондой эле, сенатор Пиночетти Испанияга өткөрүп берүүдөн баш тартуунун иш жүзүндөгү кесепети – бул анын эч бир жерде соттолбой кала тургандыгынын ыктымалдыгы экенин да өтө дурус билип турам.

Кошмо Штаттар 1970-жылдары Пиночеттин режимине колдоо көрсөткөн, анткени генерал Латын Америкасындагы коммунизмдин тамырын кыркуу жаатында Вашингтонго өнөктөш болуп жаткан.

АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Мадлен Олбрайт 2000-жылы мартта Пиночет тууралуу төмөнкүдөй билдирүү жасаган:

- Кошмо Штаттардын өкмөтү Пиночетке байланыштуу окуя боюнча эки принципти жетекчиликке алат. Биринчиден, АКШ дайыма адилеттик жана адам укуктарынын одоно бузулушу үчүн жоопко тартуу принцибин колдоп келет. Экинчиден, ошол эле учурда, биз демократиялык нормаларды жана мыйзамдык башкарууну кайра калыбына келтирүү үчүн чыныгы ыкылас менен аракеттенип жаткан Чили сыяктуу өлкөлөргө колдоо көрсөтүп келебиз.

Азыркы Чили өкмөтүнүн колун байлаган жагдай – Пиночетти колдогон эски саясатчылардын дагы эле таасирдүүлүгү. Быйыл 26-августта Чилинин жогорку соту мурдагы диктатордон кол тийбестик укугун алып салды. Эми ал хунтанын саясий каршылаштарынын көзүн тазалаган тымызын иш-чаралар үчүн сот алдында жооп берүүгө милдеттүү. Жогорку соттун тогуз мүчөсү кол тийбестикти алып салуу үчүн добуш берсе, сегизи ага каршы чыккан. Мунун өзү эле саясий күрөштүн татаалдыгын айгинелейт.

Былтыр ноябрда Аугусто Пиночет сыналгы үчүн маек куруп, өзүн периштеге теңеген жана өлтүрүлгөн солчулдар үчүн өзүн күнөөлүү деп санабай турганын айткан. Бул маек анын акыл-эси жайында экенин коомчулукка айгинелегенсиди. Чили өкмөтү аны адамгерчиликсиз жана кесир сөздөрдү айтты деп жекирсе, укук коргоочулар генералды «өлүмдүн периштеси» деп атап чыкты.

Быйыл июл айында Кошмо Штаттардын бийлиги эл аралык террорчуларга таандык деп шектелген тымызын банк эсептерин иликтеп жатып, капылестен Вашингтондогу Риггз Банктын (Riggs Bank) эсебинен Аугусто Пиночет жашыруун салган 8 миллион доллар акчаны таап алды. Ушул тапта чилилик тергөөчүлөр жакыр өлкөнүн жарытылуу эмес айлыгын алган генерал бул акчаны кантип топтогон деген суроого баш оорутуп жаткан кез.

Америкалык профессор Ариел Дорфмандын (Ariel Dorfman) «Нью-Йорк таймс» гезитине жазышынча (New York Times; 11.9.2004), 2001-жылдын 11-сентябрындагы каргашалуу террордук чабуулду уюштурган Осама бен Ладен жана анын жөкөрлөрү 3 миңдей жазыксыз кишинин өмүрүн алган. Алардын тамырын кыркуу үчүн алпурушуп жатып, АКШ өкмөтү 1973-жылы каргашалуу 11-сентябрда козголоң аркылуу бийликке келип, жазыксыз үч миңдей кишини өлтүргөн аскердик режимдин башчысынын каржылык кылмышынын пардасын да сыйырып алды.

Террордун курмандыгы болгон бул маркумдардын, алардын ичинде чилилик маркумдардын арбагына таазим кылуунун башкы жолу – алар эңсеген демократияны жүзөгө ашыруу, - дейт профессор Дорфман.

Сот Хуан Гузман экс-диктатор Пиночеттин өзүн суракка алууга камынууда. «Чубактын кунундай чубалган» бул Пиночетти соттоо аракети эмне менен бүтөөрү дагы эле белгисиз. 88 жашка чыккан экс-диктатордун «табигый сааты» да улам чыкылдап соңуна жакындап жатканы түшүнүктүү.

XS
SM
MD
LG