Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:52

Эл аралык уюм маалымат берди


ЖАЛАЛАБАД. АКШнын "Каунтерпарт интернешнл" уюмунун вице-президенти Брайан Прок мырза облуска 1 млн. 823 миң долларлык дары-дармек акысыз келип түшкөнүн кабарлады. Тоталитардык доордон базар экономикасына өтүп жаткан Кыргызстан жардамга муктаж болуп тургандыгын жана өлкөдө социалдык-экономикалык абалдын кыйындыгынан ар бир адам ден соолугуна өзү кам көрүүсү зарыл экендигин белгиледи. Маалымат жыйынында айтылгандай 28 наамдагы биринчи жардам, жүрөк-кан тамыр, өпкө, шишик, астма ооруларына керектелүүчү дарылар ооруканаларга тең бөлүштүрүлөт. Медикаментердин кесел адамдарга жеткен жетпегенин жана анын таасирин "Каунтерпарт интернешнл" уюмунун Кыргызстандагы адистери ар бир үч айда текшерип байкап турушат.

XS
SM
MD
LG