Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:35

Тажикистанда аскерий машыгуу аяктады


БИШКЕК. Бүгүн Тажикстандын Жергетал районунун аймагында Кыргызстан менен Тажикстандын Коргоо министрликтеринин башкармалыктары менен атайын бөлүктөрүнүн биргелешкен 3 күндүк машыгуусу аяктады. Машыгууда Кыргызстандан 3 чалгындоо тобунан турган атайын даярдыктагы 41 жоокер катышты. Машыгууда куралчан топторду курчоого алуу жана аларды жок кылууга багытталган аскердик операциялар тик учактардын жана аскерий техникалардын колдоосунда жүргүзүлдү. Эки өлкөнүн аскер кызматкерлеринин бийик тоолуу шарттарда өткөргөн жыйынтыктоо машыгуусун Тажикстандын Коргоо министри Шерали Хайруллаев башкарып, ага Кыргызстандын Коргоо министри Эсен Топоев катышты.

XS
SM
MD
LG