Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:59

Жергиликтүү кеңештерге өтүүчү шайлоодо «Алга, Кыргызстан» партиясы жеңеби?


БИШКЕК. 10-октябрда жергиликтүү кеңештерге шайлоого «Алга, Кыргызстан» партиясынын атынан эң көп талапкер катталды. Борбордук шайлоо комиссиясынан алынган маалыматка караганда, жергиликтүү кеңештерге шайлоого Жалалабад облусу боюнча 549, Баткен облусунда 232, Ыссыккөл облусу боюнча 165, Нарын облусунда 73, Бишкек шаарында 49, Ош облусунда 384, Таласта 258 жана Чүй облусу боюнча 160, республика боюнча баардыгы болуп 1870 талапкер көрсөтүлгөн. «Аскар Акаевди кызматтан кетирүү жана эл үчүн реформа» кыймылынын жетекчиси Азимбек Бекназаровдун маалыматына караганда, «Алга, Кыргызстан» партиясы мамлекет башчы Аскар Акаевдин үй-бүлөө мүчөлөрү тарабынан уюштурулду жана аталган партия аткаруу бийлик өкүлдөрү тарабынан ар тараптуу колдоого алынууда.

XS
SM
MD
LG