БИШКЕК. Учурда АКШда жумушчу иш сапары менен жүргөн Кыргызстандын президенти Аскар Акаев бүгүн Кошмо Штаттарынын Юта штатынын губернатору менен жолугушту. Жолугушуу учурунда билим берүү, саламаттыкты сактоо жана айыл чарба тармагында өз ара кызматташуу боюнча келишимге кол коюлду. Мамлекет башчы менен кошо жүргөн президенттин маалымат катчысы Абдил Сегизбаевдын айтымында, эртең президент Аскар Акаев Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 59-сессиясында сөз сүйлөйт. Ушул эле күнү ал БУУнун Башкы катчысы Кофи Аннан жана уюмдун Өнүгүү программасынын администратору Маллок Браун менен жолугушат. Аскар Акаев баштаган кыргызстандык делегациянын Кошмо Штаттарга болгон иш сапары 30-сентябрда соңуна чыгат.