Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:00

Президент А. Акаев дүйнө коомчулугун бирдиктүү анти-террордук майданга чакырды


Нью-Йорк. Азаттык. Бүгүн Кыргыз президенти Аскар Акаев Нью-Йорк шаарында өз ишин улантып жаткан Бириккен Улуттар Уюмунун Жалпы жыйынынын 59-отурумунда чыгып сүйлөдү. Кыргыз мамлекет башчысы азыркы доордун башкы көйгөйү – эл аралык террорчулук экенин айтып, Бесландагы кайгылуу барымта окуясын өзгөчө сөзгө алды.

Кыргыз президенти террорчулукка биротоло чек коюуга убакыт келгенин, ага каршы натыйжалуу күрөш жүргүзүү үчүн бирдиктүү анти-террордук майданды ачуу зарылдыгын айтты. Ынтымактуу, бирдиктүү күрөш аркылуу гана террорчулукту жеңүүгө болот, деди президент Аскар Акаев.

Кыргыз президенти жакырчылыкка каршы күрөшүү маселесине да басым жасады. Анын оюнча, жакырчылыкты жоюу маселеси террорчулукка каршы күрөш менен тыгыз байланыштуу. Кыргыз президенти Ооганстандагы октябрга белгиленген шайлоо тууралуу да сөз козгоп, бул өлкөнү кайра куруу боюнча эл аралык коомчулуктун иш аракетине Кыргызстан өз салымын кошуп жатат деп белгиледи.

А. Акаев «цивилизациялардын өз ара кагылышы» деген терминди да айыптаарын билдирди. Ал адамзат үчүн болочоктуу багыт – «бул маданияттар менен цивилизациялардын өз ара баарлашуусу» деп эсептээрин айтты.

XS
SM
MD
LG