Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:06

Кыргызстан мусулмандарынын уламалар кеңешинин кезексиз жыйыны өткөрүлдү


ОШ. "Диний лидерлердин исламдын саясатташуусуна жол бербөөдөгү ролу жана орду" деген аталыштагы бул "тегерек үстөл" жыйынында экстремисттик маанайдагы диний уюмдардын ишмердүүлүгүн чектөө иш-чаралары талкууланды. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Өмүрзак Мамаюсупов динди туура түшүндүрүүдө имамдардын, казылардын жана башка диний лидерлердин чабалдыгын айтып сындап, ушундай абалдан улам "Хизб ут-Тахрир" сыяктуу диний уюмдар мыйзамсыз үгүт иштерин күчөтүп жатат деп билдирди.

Жыйында Улуттук коопсуздук кызматынын жана ички иштер органдарынын өкүлдөрү тарабынан каттоодон өтпөгөн мечиттердин көбөйүп жатышы, жаштарга диний билим берүүдөгү иретсиздик сыяктуу маселелер көтөрүлүп, коомдогу кооптуу абалды түзө турган кырдаалдар болуп жаткандыгы айтылды. Жыйындын аягында уламалар кеңешинин мүчөлөрү диний багыттагы абалды көзөмөлдөө үчүн мамлекеттик бийлик өкүлдөрү менен тыгыз кызматташтыкта иштөөнү шарттаган атайын чечим кабыл алышты.

XS
SM
MD
LG