Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:22

Европанын футбол боюнча Чемпиондук лигасында жаңы оюндар болуп өттү


Европанын футбол боюнча Чемпиондук лигасында кечээ күнү жаңы оюндар болуп өттү. Орусиялык ЦСКА Маскөөдө франциялык "Пари Сен-Жерменди" 2:0 эсебинде утту. Азыркы чемпион португалиялык "Порту" 1:3 эсебинде Лондондо британиялык "Челсиге" утулду. Испаниялык "Барселона" өз талаасында украиналык "Шахтерду" 3:0 эсебинде жеңди. Италиялык Милан шотландиялык Селтикти 3:1 менен утту, Норвегиянын "Розенборг" командасы англиялык "Арсенал" менен 1:1 эсебинде тең чыкты, италиялык "Интер" белгиялык "Андерлехтти" 3:1 эсебинде жеңди, ал эми Алманиянын чемпиону "Вердер" испаниялык "Валенсияны" 2:1 эсебинде утуп алды.

Дүйнөлүк таңкы кабарларды Прагадан Нарын Айып даярдады.

XS
SM
MD
LG