Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:11

ГАЗДЫН ЖАРЫМЫ УУРДАЛАТ


Чолпон Орозобекова , Бишкек Премьер-министр Николай Танаев Кыргызстандын энергетика тармагын кыйроо акыбалында деп мүнөздөдү. Кыргыз өкмөтүнүн кезектеги жыйынында коңшу өлкөлөрдөн сатылып алынган газдын 50 пайызы жоготууга учурары белгилүү болду. Ошондой эле Кыргызстан газ үчүн карыздарынан да кутула элек.

Өкмөт башчы ар бир дубан жетекчилигинен жана энергетика тармагындагы акционердик коомдордон кышка даярдык боюнча отчет алды. Николай Танаевдин айтымында, аларды угуп отурган адамдын ыйлагысы келет:

- Силерди угуп отурсаң, силер менен уңулдап ыйлаш керек. Колуңа чоң сүлгү же жүз аарчы алып, отуруп алып көз жашты аарчыш керек. Болду жетишет, оңурак иштегиле же кызматтан кетип, башка иштер менен алектенгиле,- деди Танаев.

Дубан губернаторлору жана шаар башчылардын айтымында, кышка октябрь айынын ортосуна чейин даяр болгонго аракет жасалууда. Энергетика тармагындагы акционердик коомдордо өз ара тирешүү жана бири бирине көр казуу өңдүү жагымсыз окуяларга өкмөт башчы чекит коём деди. Премьер- министрдин айтымында, ушул өңдүү майда-чүйдө интригага жакын жетекчилер аз жерден Казакстан жана Өзбекстан менен мамилени таптакыр бузуп коё жаздашты.

Николай Танаев акционердик коом жетекчилеринин айлыктарын айтып күйдү:

- Башкы прокурор нааразы болуп айтты. Эмнеге биз акционердик коомдун президенттеринин жана башкы деректирлеринин айлыктарын чектебейбиз деп. Туура айтат. Силердин айлык премьер- министрдикинен 5-6 эсе көп. А жоопкерчиликчи? Ар бириңердин мингениңер - "Жип", чет өлкөнү бүт кыдырасыңар. Анан камырабай 50 пайызын жоготтук деп отурат. Жакшы жашап атасыңар, жайлуу жайгашып алдыңар,- деди Танаев.

«Кыргызгаздын» директорунун орун басары Кубанычбек Жусупов жыйында быйыл газ өчпөйт деп убада кылды. Анын айтымында, жылдан жылга пайдаланылган газдын өлчөмү көбөйүп баратат. Быйыл былтыркыдан 100 миллион кубометрге көп газ пайдаланылса, эмки жылы дагы 100 миллион кубометрге ашык пайдаланылары күтүлүүдө. Кубанычбек Жусупов муну өнөр жайдын кеңейиши менен түшүндүрдү.

«Кыргызгаз» Казакстанга 10 миллион доллар, Өзбекстанга 1 миллион доллар карыз. Жусуповдун айтымында, жакынкы күндөрү аларды төлөгөнгө аракет кылышат. Ушунча каражатка сатылып келинген газды калк толук пайдаланат деп айтканга болбойт. Өкмөт башчынын айтымында, мурдарак газдын 46 пайызы жоготууга чегерилчү. Эми болсо Кубанычбек Жусупов 50 пайызы жоголуп жатат деп айтканда отургандардын төбө чачы тик турду. Премьер- министр болсо аларды аяз атага салыштырды:

- Койгулачы, газ каякка кетип атат?! Эмне жарымын күйгүзүп же абага учуруп, анан жарымын элге берип атасыңарбы. Түтүк жарылып, агып калып атабы, анда силер Ош дубанын бүт ууландырмаксыңар. Кандайча? Силер отуруп, өз ара кырчылдашып атасыңар, а газ каякка кетип атат? Миллиондогон долларларды пайдаланыбаган газ үчүн берип, баарыңар аяз ата болуп кеткенсиңер го. Белекке бердиңерби? Энергетикада да аяз аталар, газ тармагында да аяз аталар ... мүшөк мүшөк белектер....- деди премьер- министр.

Кыргызгаз жетекчилигин айтымында, ушунча жоготуу үчүн 2-3 адамга сөгүш жарыяланыптыр. Ал эми Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынында муну иликтөө боюнча атайын комиссия түзүлгөнү маалым болду.

Өкмөт башчы энергетика тармагындагы кырдаалды кыйроого жакындап калды деп мүнөздөдү. Анын айтымында, кеп - кадрларда болуп жатат. Энергетиктер биринин үстүнөн бири жазган кызматтык каттарды териштирүүнү Кубанычбек Жумалиевге тапшырарын, тез арада бул тармакта кадрдык төңкөрүш жасаарын айтты.

XS
SM
MD
LG