Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:06

"ЛУКойлдун" АКЦИЯЛАРЫН АМЕРИКАЛЫКТАР САТЫП АЛДЫ


Муса Мураталиев, Москва Шаршембиде Москвада өткөрүлгөн аукциондо америкалык «Коноко Филипс» (ConocoPhillips) мунай компаниясы Орусиянын «ЛУКойл» мунай компаниясынын мамлекетке тийешелүү акцияларын сатып алды. Муну анализчилер Орусиядагы менчиктештирүү тарыхындагы эң ири киреше берген соода деп баалашууда. Мамлекеттин энчисиндеги 8 пайызга чукул акция 2 миллиардга жакын долларга бааланып, сатылган. «Коноко Филипс» компаниясынын президенти Жеймс Малванын аймында, жакынкы жылдарда анын компаниясы «ЛУКойлдогу» өзүнүн үлүшүн 20 пайызга жеткирет.

Орус өкмөтүнүн колунда «ЛУКойл» компаниясынын акциялары бар эле. 29-сентябрда аукцион өткөрүлүп, ал сатылды. Акцияны америкалык «Коноко Филипс» компаниясынын үлүшү катары "Спрингтайм Холдингс" (Springtime Holdings) фирмасы сатып алды. Аукционго андан тышкары дагы үч компания катышты.

"Чу" деген жерден эле жарыяланган нарктын үстүнө америкалык тарап дароо 54 миллион доллар үстөк кошту, ошондон соң баа 1 миллиард 988 миллонго чыкты. Андан кымбат берген тарап болгон жок.

Ошентип, "ЛУКойлдун" өкмөттүн колундагы 7,59 пайыз акциясы сатылып кетти. Соода бир жарым саат ичинде аяктады жана ошол себептен басма сөз маалыматтары «Орусия эки саат ичинде 2 миллиарддай долларга байыды» деп жазышты.

Орусиялык атактуу компаниянын жетекчиси Вагит Алекперов мындай көрүнүштү тарыхый окуя катары баалады:

- Бул - Орусиянын тарыхындагы менчиктештирүүнүн жүрүшүндө жолуккан эң ири соода болду. Америкалык компаниянын узак убакка орусиялык мунай өндүрүү тармагына аралашып, андан байлык тапсам деген каалоосу турмушка ашты.

"ЛУКойл" Ирактан да мунай өндүрөт. Андай келишим Саддам Хусейндин режими бар кезде эле түзүлгөн. Ошондуктан анализчилер анын америкалык Коноко Филипс менен жакындашы ага ошол эски жумушун турмушка ашырууга жөлөк болот дешет.

Ал эми америкалык Коноко Филипс компаниясынын башкы деректири Жеймс Малва (James Mulva) айткан кепке караганда бул кызматташуу өнөктөштөрдү кыйла алыска бирге барууга мүмкүндүк ачат:

- "ЛУКойл" менен стратегиялык өнөктөш болуу, албетте, бул жерде биздин мунайзат такоолун өздөштүрүүгө тээк болот. Андан сырткары эмики биздин максат - кыска мөөнөт ичинде "ЛУКойл" компаниясындагы энчибиздин эсебин 10 пайызга жеткирүү.

Вагит Алекперов менен Жеймс Малванын орусиялык жетекчилик менен тил табышкан ишкерлер экенин эске алганда, бул кызматташтык келечектүү болчудай. Быйыл июнда президент Путин эки ишкерди Кремлде кабыл алып, ал жерде америкалык тараптын орусиялык экономикага акча салышын колдоого аларлык иш деп айткан эле.

Анализчилер «ЮКОС» иши тергөөдө жатканына карабай "Коноко Филипс" компаниясынын Орусия экономикасына келиши - өлкөнүн мунайзат базарынын дагы эле барктуу экенинен кабар берет дешет.

Шаршембиде өткөрүлгөн аукциондон кийин экономикалык өнүгүү жана соода министринин орун басары Андрей Шаронов барбалаңдап катуу сүйүндү:

- Биз бүгүн (акциябызды – ММ.) мынабул рекорддук баага сата алдык. Ал базардагы баанын бир айлык да, үч айлык да, жарым жылдык да наркынан ашып түштү.

Бул күндөрү дүйнөлүк базарда жер майынын наркы көкөлөп өсүп, бир баррели 50 доллар 50 сентке чыкты.

XS
SM
MD
LG