Буш менен Керринин теледебаты жума күнү Бишкек убактысы боюнча таңкы саат 7де башталат, ошондуктан азырынча жалпы эле АКШдагы президенттик шайлоо алдындагы мындай талкуулардын тарыхы менен маанисине токтоло туралы.
1960-жылдын 26-сентябрында ал кездеги АКШ сенатору Жон Кеннеди менен вице-президент Ричард Никсон президенттик шайлоо алдында телекөрсөтүү аркылуу бетме-бет талкуу өткөрүшкөн. Ошондо америкалыктар алгачкы жолу өлкөдөгү эки башкы партиянын президенттикке талапкерлери – күн тартибиндеги курч маселелер боюнча пикир талашканына күбө болушкан. Ал ирет президенттик шайлоодогу башкы атаандаштардын "кызыл чеке" талашы – Американын Советтер Союзуна карата саясаты болгон. Бул маселе туурасында экс-сенатор Кеннеди эмнелерди айткан?
- Маселе – эркиндик мурда болуп көрбөгөндөй ырайымсыз чабуул алдында канчага дейре чыдап тура аларында. Менимче, ал мындан ары да чыдашы мүмкүн. Бирок айрым иликтөөлөрдү карап чыккан соң, мен Америка айрым аракеттерди көрө башташына убакыт бышып жетти деп ойлойм.
Никсон Кеннединин бул сөздөрүнө кошуларын билдирип, Американын эл аралык ролуна токтолот.
- Сенатор Кеннединин айткандарына мен элдин көбү сыяктуу эле кошулам. Ал турган иш, бирок биз талкуулап жаткан АКШнын ички иштери биздин эл аралык ордубузга чоң таасир этээрин эсибизден чыгарбашыбыз керек, - деп белгилеген 1960-жылы АКШда уюшулган алгачкы саясий эрөөлдүн катышуучусу, экс-вице-президент Никсон.
Алгачкы ирет президенттик шайлоодогу эки башкы талапкер ортосундагы талкуу, пикир талашты сыналгы аркылуу көрүп отурган америкалыктар ал саясий шоудан болуп көрбөгөндөй таасир алышкан. Бул туурасында "Си-Би-Эс" телеканалынын журналисти Боб Шиеффердин комментарийи абдан кызыктуу:
- 1960-жылы Ричард Никсон менен Жон Кеннединин пикир талашын радио аркылуу уккандар кийинки сурамжылоо маалында негедир шайлоодо сөзсүз Никсон жеңет деп айтышкан. Ал эми ошол эле талашты телеканалдардан көргөн элдин көбү өзүн салкын кандуу, ишеничтүү кармаган Кеннеди утаары айкын болду дешкен. Кесиби боюнча актёр Роналд Рейган мындай учурда өзүн кандай алып жүрүүнү мыкты билген.
Көпчүлүк эксперттер ошол теледебат Жон Кеннединин шайлоодо жеңип чыгышына чоң жардам берген деп эсептешет. "Си-Би-Эстин" журналисти айткандай, саясий эрөөл маалында өзүнүн актёрлук кесибинин артыкчылыктарынан пайдаланган Роналд Рейганга да 1980-жылдагы теледебаттан кийин Жимми Картерди шайлоодо жыгууга дем кошкон.
Азыр андай теледебаттардын мааниси кандай? Америкалык саясат таануучу Алан Лихтман соңку жылдары президенттикке талапкерлер ортосундагы бетме-бет талкууда жасалмалуулук артып, атаандаштар ортосундагы чыныгы талаш, курч суроолор жоголуп баратканына нааразы:
- Азыркы теледебаттардын мааниси эл ойлогондон алда канча төмөн. Алар шайлоочулардын пикирине көп деле таасир этпей калды. Мисалга, дебат алдындагы жана андан кийинки сурамжылоону карасаңыз, анда олуттуу өзгөрүү байкалбайт. Алар балким, дагы эле кимге добуш берерин чече элек аз-маз адамдарга гана түрткү болушу мүмкүн.
Бейшемби күнкү теледебатта Буш менен Керри талкуулап-талаша турган маселе арбын. Америкада салтка айланган бул саясий эрөөл быйылкы шайлоого кандай таасир этээрин 2-ноябрдагы добуш берүү гана аныктай алары бышык.