Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:36

Нарында жаш балдар арасында социалдык оорулар көбөйүүдө


НАРЫН. Бул жөнүндө Нарындагы бейөкмөт уюмдардын, коомдук бирикмелердин, демилгелүү жамааттардын башын кошкон "Достук" ассоциациясынын президенти Абдыбек Сатаров билдирди. Алар ушул жылдын башында айылдарда башталгыч класстарда окуучулардын арасында изилдөө жүргүзүшкөн. Натыйжада темирдин жетишсиздигинен аз кандуулук менен ооруган балдардын саны 1254кө жетип, ичеги карын дарттарынын көрсөткүчү өткөн жылы 1070 болсо, быйыл 1159га жеткен.

Мындан сырткары облус боюнча жаш балдардын арасында ашказан жарааты менен ооруган 7 бала катталган. Өкмөт 2002-жылы №111 токтом кабыл алган. "Ага ылайык мектептерде окуучулардын тамактануусун уюштуруу боюнча атайын мыйзам кабыл алынганына карабай, учурда биринчи, төртүнчү класстын окуучуларына акча бөлүнбөгөндүктөн тамак берилбей жатат, анын натыйжасында социалдык оорулар көбөйүүдө", - дейт Абдибек Сатаров.

XS
SM
MD
LG