Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:29

Улгайган адамдар пикетке чыгышат


БИШКЕК. 1-октябрда Өкмөт үйүнүн алдында пенсионерлер жана алданган аманатчылар пикетке чыгышат. Бул тууралуу бүгүн «Азаттыкка» пенсионерлер жана аманатчылар союзунан маалымдашты.

Нааразылык акцияга чыккандар алардын жашоо-турмушун жакшыртуу, пенсияны көбөйтүү, банктарга жана «Рентогрупп» компаниясына алдаткан акчаларын кайтарып берүү талаптарын коюшат.

Ал эми 30-сентябрда каржы министрлигинде каржы тармагында иштеп, эс алууга чыккан пенсионерлер үчүн сый–тамак уюштурулуп, ага келген 100гө жакын адамдын ар бирине 500 сомдон берилди.

Учурда Кыргызстандагы пенсионерлердин саны 502 миңге жакын. Азыр өлкөдө пенсиянын орточо өлчөмү 638 сомду түзөт. Акыркы жолу ушул жылдын 1-апрелинен тарта пенсиянын камсыздандырылган бөлүгү 15 пайызга көбөйтүлгөн.

Сүрөттө: "Рентон групптун" аманатчылары буга чейин далай ирет пикетке чыгышты.

XS
SM
MD
LG