Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:37

Кыргызстандын делегациясын Вашингтонго каржы министри жетектеп барды


БИШКЕК. 1-октябрда Вашингтондо Эл аралык валюта корунун жана Дүйнөлүк банктын директорлорунун жылдык жыйыны башталды. Бул иш чарага Кыргызстандын каржы министри Болот Абилдаев, Улуттук банктын төрагасы Улан Сарбанов жана президенттик администрациянын экономикалык саясат бөлүмүнүн башчысы Кубат Каниметов катышууда. 3-октябрга чейин созула турган бул иш чаранын алкагында эки тараптуу жана көп тараптуу жолугушуулар болот.

Каржы министрлиги бүгүн тараткан маалыматка караганда, министр Болот Абилдаев Эл аралык валюта корунун АКШ казыналыгынын бир катар өкүлдөрү менен жолугушуп, анда азыркы экономикалык жагдай жана Париж клубунун күтүлүп жаткан отуруму тууралуу сөз жүрдү.

Болот Абилдаев ошондой эле Азия өнүгүү банкынын төрагасы Тадао Чино, Дүйнөлүк банктын вице-президенти Шенгман Жанг менен жолугушаары болжолдонууда.

XS
SM
MD
LG