Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:52

ГРУЗИНДЕР АБХАЗ ШАЙЛООСУНА ҮМҮТ АРТАТ


Эртең, жекшембиде Грузиядан бөлүнүп чыгуу ниетинен кайта элек Абхазия жумуриятында президенттик шайлоо өткөрүлөт. Ушул тапта сыркоолоп жаткан президент Владислав Ардзинбанын орду үчүн ат салышкандар көп. Бирок, адистердин айтымында, кайсы саясатчы шайлоодо жеңип чыкса да, абхаз-грузин жаңжалы оңой менен чечиле тургандай көрүнбөйт. Буга карабастан, жекшембиде өткөрүлө турган алгачкы демократиялык шайлоо Абхазия үчүн оң жылыш болуп саналат, - дешет грузиялык серепчилер.

Кара деңиздин чыгыш кыйырындагы Абхазия аймагы тышкы дүйнө үчүн Грузиянын курамында деп эсептелет, бирок иш жүзүндө аймак расмий Тбилисиден көз каранды эместигин сактап келүүдө.

1992-93-жылдардагы грузиндерге каршы согуш аяктагандан бери Абхазиянын көзүрү – Орусия менен тыгыз саясий жана экономикалык байланыш.

Абхаздардын көпчүлүгү орусиялык паспортко эгедер. Ал түгүл сентябрдын башында аймактын ордо шаары, курорт жай катары даңазалуу Сухуми шаары менен Маскөөнүн ортосунда түздөн-түз темир жол каттамы ачылды.

Абхаздардын айрым саясатчылары аймакты Орусия Федерациясына кошууга ынтызар. Бирок расмий Тбилиси мындай ойду жуутпастан, акыры Абхазия жалпы Грузия аймагына саясий жактан баш кошот деп келет.

Сентябрдын 28инде грузин президенти Михаил Саакашвили абхаздарга карата өз сунушун кайталап, аймакка кеңири автономиялык ыйгарым укук берилээрине убада кылды:

- Кандай айла-амал колдонулганына, кандай паспорттор Абхазияга берилип жатканына, кандай иш-аракет жасалып жатканына карабастан, Абхазия дегенибиз – Грузия дегендик. Абхазия соңку эки миң жыл ичинде Грузия аймагы болуп келген, азыр да ал Грузиянын ичинде, болочокто да, канчалык Грузия жашап турса, ошончолук Абхазия Грузиянын бөлүгү бойдон кала берет.

Ал эми жекшембиде ат салыша турган президенттикке талапкерлердин ичинен эч бири аймакты Грузияга кошууну каалабайт. Алардын арасында учурдагы президент Ардзинба кыйыр түрдө колдогон талапкер, азыркы өкмөт башчы Раул Хажимба, ошондой эле мурдагы премьерлер Сергей Багапш менен Анри Жергения бар.

Алардан тышкары мурдагы тышкы иштер министри, абхаз улуттук акчасын киргизүү долбоору үчүн кызматтан кеткен Сергей Шамба менен Элдик партиянын лидери Йакуб Лакоба да өз талапкердигин койгон.

Бул шайлоо Абхазия өзүн эгемен жарыялаган мезгилден берки аймактагы атаандаштык негизинде өткөрүлүп жаткан алгачкы президенттик шайлоо. Буга чейинки шайлоолордо президент Владислав Ардзинба жалгыз талапкер болуп келген.

Августтун 29унда, Сочиде абхазиялык-орусиялык согуш ардагерлери жолугушуп жаткан маалда, орус президенти Владимир Путин абхаз премьери Хажимба менен көзмө-көз сүйлөшүү жүргүзгөн. Бул факт Грузияда чоң чуу жаратып, Тбилиси Путинди орусиячыл саясатчы Хажимбанын талапкердигине колдоо көрсөткүсү келет деп айыптаган.

Соңку сурамжылоолордун бирине караганда, Багапш мырза 42 пайыз добуш алышы мүмкүн жана ал Хажимба экөө экинчи айлампага атаандашып чыгышы ажеп эмес.

Деги, Грузия үчүн кайсы абхаз талапкери болочокку тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүү жаатында ыңгайлуу болоор экен?

Грузиялык серепчи Ивлияне Хаиндрава (Ivliane Khaindrava) мырза Багапштын президенттикке талапкердиги тууралуу «Азаттыкка» мындайча оюн билдирди:

- Менимче, аны кыйла ийкемдүү, баарлашууга жана ар кыл демилгелерге кыйла ачык деп айтсак болот. Менимче, эгерде Багапш шайланчу болсо, анда биз Абхазиянын коомчулугундагы тирешүү деңгээли азаят ко деп ойлойбуз. Анткени Багапш ар кыл топтор менен баарлашуу жагынан дилгирирээк ко дейм. Анын тескерисинче, Ардзинбанын жолун жолдогон, анын кыйла катаал мураскору болчудай сезилген Хажимба мырза болсо, Маскөөгө айдан-ачык ишеним артканы үчүн абхаз коомунун ар кыл чөйрөлөрүндө колдоо таппай калышы ыктымал.

Бирок, дейт Хаиндрава, Абхазиядагы алдыдагы президенттик шайлоодо ким жеңип чыгаарына карабастан, грузин-абхаз жаңжалын чечүү оңой-олтоң жүзөгө ашырылчудай иш эмес. Грузия да, Абхазия да буга азырынча даяр эмес, - дейт бул грузин сеепчиси.

Кандай болсо да, жекшембиде өткөрүлө турган алгачкы демократиялык шайлоо Абхазия үчүн оң жылыштардын бирине жатат, - дешет жергиликтүү адистер.

XS
SM
MD
LG