Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:56

“Айыл өкмөтү” сыйлык алды


БИШКЕК. Кинорежиссер Эрнест Абдыжапаров тарткан “Айыл өкмөтү” кинотасмасы КМШ жана Балтика өлкөлөрүнүн Смоленскиде өткөн “Жаңы кино” эл аралык кинофестивалында “мыкты режиссердук чыгарма” байгесине татыктуу болду. Ошондой эле Орусиянын киноклубу ассоцациясынын атайын байгеси ыйгарылды. Ал эми режиссер Эркин Салиев тарткан “Булут” аттуу музыкалык кинотасма “Дебют” сыйлыгына татыктуу болду.

"Смоленск кинофестивалында конференция болуп, анда КМШ аймагында кинопрокат кызматташтыгын калыбына келтирүү маселеси козголду", деп билдирди режиссер Эрнис Абдыжапаров бүгүн “Азаттыкка”. Анын айтымында, ар бир айылга “Айыл өкмөтү” кинотасмасын көрсөтүү пландаштырылууда. Өкмөт башчысы Николай Танаев келээрки жылы “Кыргызфильм” киностудиясына 3 кинотасма тартууга каражат бөлүп берүүгө убада берген.

XS
SM
MD
LG