Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:52

КАЗАКСТАНДАГЫ ШАЙЛООНУН КОҢШУЛАРГА КӨРСӨТӨӨР ӨРНӨГҮ ЭМНЕДЕ?


Бакыт Аманбаев, Бишкек Казакстанда парламенттик шайлоонун экинчи айлампасы бүгүн 3-октябрда өтүп жатат. Анын биринчи айлампасы 19-сентябрда болгон. Анда партиялык тизме менен да, бир мандаттуу округдар боюнча да президент Нурсултан Назарбаевди колдогон саясий топтун өкүлдөрү жеңишке жетишти. Эми шайлоонун экинчи айлампасына байланыштуу айрым эл аралык байкоочулар жана жергиликтүү саясатчылар Казахстанда өткөн шайлоонун биринчи туру мыйзам бузуу менен коштолгондугун айтышып, экинчи айлампада деле ушундай жол менен президент Назарбаевди колдогон саясий топ ийгиликке жетишээрин боолголошууда. Кыргызстандык айрым саясатчылар болсо «коңшу өлкөдөгү мындай көрүнүш келечекте бизде да кайталанышы ыктымал» деп кооптонуп атышат.

Казакстандын мажилисинде 77 депутаттык орун бар. Анын ичинен он депутаттык орунга шайлоо партиялык тизме менен, калганы можаритардык шайлоо ыкмасы менен өткөрүлөт. Шайлоонун биринчи айлампасынын жыйынтыгында президент Нурсултан Назарбаевдин жүргүзгөн саясатын ачык колдогон «Отан» партиясы шайлоочулардын көпчүлүк добушуна ээ болуп, депутаттык 7 орунду жеңип алды. Калган үч депутаттык орун жети пайыздык тоскоолдуктан өткөн Дарига Назарбаеванын «Асар», «Казакстан демократиялык партиясына» жана «АИСТ» шайлоо блогуна берилди.

Жалпысынан шайлоонун биринчи турунда 45 депутаттык орунга депутаттар шайланышып, президенттин пикирлештери шайлоонун биринчи турунда жеңишке жетишишти.

Казакстандагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы коомчулукта бир жактуу кабыл алынган жок. Маселен, Казакстандык айрым саясатчылар жана эл аралык байкоочулар депутаттык шайлоонун биринчи турунда бийлик админстративдик ресурсту пайдаланып, бир катар мыйзам бузууларга барды жана ошол жол менен жеңишке жетти деп белгилешти.
Бирок ага кайчы пикирлер да айтылды.

Казакстандагы шайлоонун кандай өткөндүгү тууралуу биринчи айлампада утулуп калган «Аттан Казакстан» аттуу элдик-патриоттук фронттун башчысы Амантай ажынын айткандарына кулак төшөсөк:

-Булар мыйзам бузуу жолу менен жеңишке жетишти. Ал үчүн президент Назарбаев тарых алдында эртеби-кечпи жооп берет. Экинчиден, бизде «Асар», «Отан» аттуу партиялар жок. Алар мамлекеттик маалымат каражаттары аркылуу гана элге таанылган партиялар. Чынында андай партияларды эл колдобойт.

Казакстандагы парламенттик шайлоонун экинчи айлампасы деле ушундай жол менен өтөт деген маанай бар. Кыргызстандык айрым саясатчылар "Казакстандагы мындай мыйзам бузуулар 2005-жылы бизде да кайталанышы ыктымал" дешет:

- Казакстандагы шайлоолор бизге тескери таасирин тийгизет. Анткени биздин бийлик коңшу өлкөлөрдүн тажрыйбасын колдонуп, келечектеги шайлоолордо мыйзам бузууларга барышы толук ыктымал,- деген чочулоосун айтат «Арнамыс» партиясынын төрага орун басары Эмил Алиев.

Эмил Алиев Кыргызстандагы социалдык-экономикалык абал Орусия же Казакстандагыдай жакшы эмес, барган сайын элдин жашоосу оорлоп баратат дейт:

-Мына ушул себептердин артында президент Аскар Акаевдин үй-бүлө мүчөлөрү турган «Алга, Кыргызстан» партиясы Орусиядагы «Единая Россия», Казахстандагы «Отан», «Асар» партияларындай президент Аскар Акаевдин саясатын ачык колдоп, аракет кыла алышпай жатат. Эгерде «Алга, Кыргызстан» партиясынын артында чынында эле Аскар Акаевдин турарын кыргыз эли ачык билсе, бул партияны эч ким колдобойт.

«Арнамыс» партиясынын төрага орун басарынын жогорудагыдай пикирине президенттин маалымат катчысы Абдил Сегизбаев макул эмес. Ал өз сөзүндө келечектеги шайлоолордо деле учурдагы аткаруу бийлиги жеңишке жетишет деген ишенимин билдирип, ага төмөндөгүдөй жүйөсүн келтире кетти:

-Чындыгында, оппозиция өкүлдөрүнүн мамлекетти экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча программасы жок. Ошондуктан алар кандай жол менен элдин добушуна ээ болгону жатышат - белгисиз.

Сүрөттө: Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев.

XS
SM
MD
LG