Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:19

Самарра шаарында уруштар басаңдады


Коалициянын аскерлери калаадагы өкмөттүк негизги имараттарды колго алышты. Козголоңчулардан 110дой киши өлүп, кырктайы колго түшкөнүн коалициялык командачылык ырастады. Жергиликтүү дарыгерлер болсо америкалыктардын аба жапырыгынан бүгүн беш киши набыт кеткенин, 20 чактысы жарадар болгонун айтышты. Коалиция эмдиги жылдын январына белгиленген жалпы элдик шайлоого чейин Саммара, Фаллужа жана Рамади шаарларын козголоңчулардан тазалоо максатында ургаалдуу операцияларды өткөрүп жатат.

Багдаддын четиндеги Садр-сити районунда айыгышкан уруштар жүрүп жатат, кагылыштарда, соңку маалыматтарга ылайык, ирактыктардан он эки киши окко учту, америкалык эки жоокер жарадар болду.

XS
SM
MD
LG