Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:03

ЭРИК КАДЫРБАЕВДИН АЖАЙЫП ДҮЙНӨСҮ


"Талант тагдыры" аттуу түрмөгүбүздүн бул жолку мейманы - азыркы кыргыз эстрадасынын өсүшүнө бараандуу салымын кошуп, көптөгөн эстрада ырчыларына репертуар даярдап, насаатчыларынан болуп жүргөн жаш композитор Эрик Кадырбаев.

Азыркы сиз бир шиңгилин уккан "Курбума" аттуу кыргыз эл ыры. Ал нечендеген жылдардан бери угуучулар, эл ырчылары тарабынан тойлордо, отуруштарда ырдалып келгенин жакшы билебиз. Кала берсе нечен жолу асылдана угуп ырахатка да батканбыз.

Эми болсо "Заман жаңы, эл жаңы" дегендей, мезгилдин талабына жараша "Курбума" комуздан башка аспаптардын коштоосунда, башкача аваздык стилде, башкача ыкмада, көркөмдүктө, түстө эстрада ырчысы Гүлнур Сатылганованын аткаруусунда ырдалып, жаңы өмүргө ээ болуп отурат.

Классикалык эл ырынын жүрөгүнө кан жүгүртүп, канат бүтүрүп, иштеп чыккан, музыканын тили менен айтканда жаш композитор-аранжирлештирүүчү Эрик Кадырбаев.

Ал 1990-жылдан бери эстрада тобун түзүп, ырчылар үчүн элдик жана обончулардын ырларын аранжирлештирип - аспаптарга которуп, тынымсыз изденип, талыкпай эмгектенип келет.

Ал он жылдан ашык мезгилден бери азыркы "кыргыз эстрадасынын жылдыздары" аталган Гүлнур Сатылганова, Айчүрөк Иманалиева, Асел Турдалиева, Айгүл Асанкожоева, Элмира Кайып кызы, Гүлнара Тойгонбаевалар менен такай иштешип, алардын чыгармачылыктагы кубанычтарын, өкүнүчтөрүн тең бөлүшүп келет. Кадырбаевдин аспапташтырылган ырлары музыкалык формасы, добушу, улуттук колориттүүлүгү, оригиналдуулугу боюнча эл аралык талапка жооп бергендей иштелген. Анын аркасында Сатылганова, Иманалиева, Асанкожоева жана башкалар эл аралык фестивалдардын, сынактардын баш байгелерин жеңип алышып, лауреаттарынан болушкан. Ал эми Эрик кыргыз эстрадасынын босогосун кандайча аттаганы, алгачкы ырынын аткарылышы жөнүндө мындай кеп салып берди:

- Мен 1986-88-жылдарда мектепте окуп жүргөндө райондук маданият үйүнүн алдына уюшулган "Жаш кыял" аттуу эстрада тобунда, музыкалык мектепте хордо ырдап жүрдүм. Он жылдыкты бүткөндөн кийин Кыргыз мамлекеттик Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунун маданий агартуу факультетинин оркестр дирижерлоо бөлүмүнө өттүм. 1990-жылы курбуларым менен "Агым" аттуу топ түздүм. Аны жетектеп жүрдүм. Ырчыбыз Г.Сатылганова эле. 1992-жылы Алматыда өтө турган эл аралык "Азия даусы" фестивалына Сатылганова менен "Даңктаймын кутман эл жерди" аттуу патриоттук темада жазылган ырым менен катышты. Ошентип, ырымдын бет ачары Алматыда өткөн.

- Эрик мырза, кечээ жакында "Тунгуч" театрында кыргыз музыка театрынын тарыхында алгачкы жолу акын Кыялбек Урманбетовдун либреттосунда жазылган "Махабат жылдызы" аттуу мюзикл - музыкалык оюнунун бет ачары болду. Анын музыкасын жазыпсың. Угармандарга мюзиклдин маани-маңызынан кыскача маалымат бере кетсең?

- Бул мюзиклдин музыкасын 2003-жылдан баштап жаза баштадым. Тунгуч" театрынын тапшырмасы боюнча иштедим. Либреттосун белгилүү акын Кыялбек Урманбетов жазды. Экөөбүз бирге иштештик. Композитор М.Раухвергердин "Чолпон" балетинин сюжетине кайрылдык. Анын либреттосу жомоктон алынып жазылганын жакшы билесиз. Биз да "Махабат жылдызына" жомоктун негизин алып, бүгүнкү өзүбүз жашап жаткан ата менен баланын ортосундагы мамилени, жаштар турмушундагы оң, терс көрүнүштөрдү берүүгө аракеттендик. Менимче жаман болгон жок го деп ойлойм. "Көч жүрө-жүрө оңолот" дегендей, кемчиликтери ар бир жолу коюлган сайын оңдолуп, түзөлүп, жаштардын сүйүктүү спектаклине айланат го деген ойдомун.

- Эрик мырза, акыркы кезде угуучулардын арасында "эстраданын күнү бүтүп баратат, угармандарын элдик музыкага болгон сүйүүсү, кайра жаралуу доору башталды" деген кеп-келечтер айтылып келет. Бул жөнүндө тажрыйбалуу эстрада адиси катары жеке оюңуз?

- Себеби дегенде эл жеңил-желпи ырларды угуудан тажап бүттү. Көпчүлүк угуучулар "баягы даңка-даңкылдагыңарды, тарса-тарсылдагыңарды койгула, жүрөккө жетимдүү ырлар болсо" деп айтышат. Мен алардын айткандарына толук кошулам. Себеби чала сабаттуу музыканттар, аранжировщиктер фольклордун касиетин кетирип, аспапка салышып ойноп жүрүшөт. Көптөгөн элдик обончулардын ырларын "жылдыздарыбыз" бузуп ырдашат. Кептин ачыгын айтсам - бүгүнкү батыштын музыкасынын стилине, үлгүсүнө салабыз дешип жатып, бузуп салгандар өтө көп. Ошондуктан угармандардын көңүлү айнып, эстрада ырларын угуудан кача башташты. Ошондуктан, биздин музыканттар, ырчылар нака чыгармачылыкта изденип иштешсе, деңгээли жогору болоор эле деп ойлойм.

Эрик мырза, "Жакшы ыр жан сергитет" дегендей баардашуубуздун соңунда угармандардын демине-дем, күчүнө-күч кошулуп, өмүрлөрүнө өмүр улансын деп, өзүңүздүн "Өмүр кемеси" аттуу ырыңыздан Гүлнур Сатылганованын аткаруусунан бир-эки шиңгил угалы.
XS
SM
MD
LG