Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:05

Балкан чөлкөмүндөгү шайлоолор


Сербияда бүгүн жергиликтүү, анын ичинде башкалаа Белграддын мэрин шайлоонун экинчи айлампасы өтүүдө. Добуш берүүнүн алгачкы сааттары эл аз келип жатканын көргөздү. Өлкөдө президент менен премьер-министрден кийин эле маанилүүлүгү жагынан үчүнчү кызмат катары саналган мэрдин ордун реформачыл Демократиялык партиянын өкүлү Ненад Богаданович менен Сербиянын улутчул радикалдык партиясынын өкүлү Александр Вучич талашууда.

Ал эми Боснияда кечээ болгон жергиликтүү шайлоодо баштапкы маалыматтар боюнча мусулман, хорват, серб улуттук партиялары алдыга чыкты. Жергиликтүү шайлоо бул жерде 1992-95-жылдардагы граждандык согуштан бери алгачкы ирээт босниялыктардын өздөрү тарабынан уюштурулду. Балкан чөлкөмүнүн дагы бир республикасы - Словениянын калкы бүгүн парламенттин 90 депутатын тандоодо.

XS
SM
MD
LG