Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:40

НАИЛЯ КУЛОВА: «КЫРГЫЗСТАНГА КАЙТАР КҮНДҮ ЭҢСЕЙБИЗ»


Чолпон Орозобекова, Бишкек http://gdb.rferl.org/6BB21C7B-E4A1-41FC-B4CC-6E244D8DFE60_w203.jpg «Арнамыс» партиясынын камакта жаткан лидери Феликс Куловдун үйбүлөсү АКШ өкмөтүнөн саясий башмаанек алышкан. Жубайы Найиля Кулова жана эки кызы Нью Йоркто жашагандарына үч жылдан ашты. «Азаттыкка» телефон аркылуу берген маегинде Наиля айым кыздарынын кусалыгы, өзүнүн көз жашы, Феликс Куловдун тагдыры жана алардын үйбүлөсүндөгү кыргыз тилинин орду өңдүү маселелерге токтолду.

- Наиля айым, кыздарыңыз атасын сагынып кусага батып, ошол эле учурда туулган жерден алыс жашаш оңой болбой атса керек?

- Балдар, албетте, атасын абдан сагынып атышат. Үйдүн ар бир дубалында Феликстин сүрөттөрү илинген. Кыздарым атасынын каттарын кучактап алып кайра - кайра окушат. Өз убагында куугунтук жана коркунучтун айынан Кыргызстандан чыгып кеткенге аргасыз болгонбуз. Андай коркунуч дале сакталуу го деп ойлойм. Биз Кыргызстанга кайтып, өз элибиздин арасында жашагыбыз келет. Бул тууралуу сүйлөш мага абдан эле оор. Бая күнү Бишкекте жүргөндөгүбүздө тартылган кассетаны көрүп отуруп аябай ыйладым. Ошондон кийин кассетаны да көрбөгөнгө аракет кылып калдым. Мага оңой эмес, абдан эле оор. Кыздарым Кыргызстанды сагынгандан улам такай кыргызча ырларды угушат. Жаңы тартылган Кыргызстан жөнүндө кинолорду таап көргөнгө аракет кылышууда. Кыздарым туулган жерге кайтууну аябай кыялданып, эңсеп жүрүшөт.

- Америкада кантип жан багып атасыздар, жашооңуздар кандай?

- Биз Нью-Йоркто жашап атабыз, Брон деп аталган районунда. Мамлекет берген анча чоң эмес каражатка жашайбыз. Ал жада калса күнүмдүк асмас чыгымдарды да жаппайт. Ошондуктан мен дагы, кызым Жамила дагы иштеп жатабыз. Мен өз кесибим менен эмес, башка жумушта иштегенге мажбур болдум. Кызым болсо окуп да, иштеп да жатат. Кызым Америкага келгени бир да жолу каникул көргөн жок. Бош убактысынын баарын үйбүлөлүк бюджетти толтурганга арнап келет.

- Жолдошуңуз Феликстин азыркыдай эмес бөлөк жолду, башка тагдырды тандашын каалайт белеңиз?

- Аял катары, албетте, күйөөмдүн бактылуу болушун каалайм. Ал өзүнө абдан жеңил эмес жолду тандап алды. Бул жол эр жүрөк, кеңпейил адамдарга гана таандык. Ал эми азыркы бийликте отурган адамдар менен Феликстин жолу бир эмес. Тилекке каршы, тагдыр ушундай болуп калды. Камакта жатышы аны адам катары да, саясатчы катары ого бетер курчутат, бекемдейт деп ойлойм. Акыйкатсыз жана мыйзамга каршы мынча узак камакта кармашы- бийликтегилердин Феликстин саясий дараметинен гана эмес, өздөрүндө жок адамдык жогорку сапаттарынан да коркконунун далили.

- Наиля айым, күйөөңүздүн ишине аралашкан, кийлигишкен учурларыңыз болду беле?

- Эч качан. Ата жана күйөө катары бул нерседен бизди ал обочолонтуп турчу. Мен деле кийлигишпегенди туура көрчүмүн. Саясаттан таптакыр эле алыс болчумун.

- Сиздердин үйбүлөөдө кыргыз тилинин орду кандай? Коомчулукта Феликс Куловдун чоң кемчилиги - эне тилин билбегени деген пикирлер бар, буга кандай карайсыз?

- Кыргыз тили көйгөйүнө кененирек токтолгум келет. Көртирлик деңгээлинде ага күчүбүз жетет. Туугандар менен сүйлөшө алабыз, түшүнөбүз дегендей. Бирок, чынында адабий тилди жана грамматикасын билбейбиз. Совет убагында кыргыз тилин милдеттүү үйрөнүүгө шарт түзүлгөн эмес жана мүмкүнчүлүк жок болчу. Бул биздин үйбүлөнүн гана эмес, бир нече муундун таргедиясы. Усубалиев башкарып турган убакта, 50-жылдардын соңунда го дейм, мектепте кыргыз тилди окуу программадан чыгарып салган да убак болгон. Бул өкмөттүн катачылыгынын аркасы менен аталарыбыз да үйдө биз менен кыргызча сүйлөшпөй калышкан. Мен кыргыз тилине артыкчылык берилиш керек экенин моюнга алам. Кыргызстан эгемен мамлекет болгондон кийин жок дегенде кийинки муун, анын ичинде менин кыздарым да, кыргыз тилин билиши керек деп эсептейм. Тилекке каршы, кошмо штаттарда кыргыз тилинде сүйлөшкөнгө шарт жок болуп атат. Биз жашаган жерде бир да кыргыз жок. Бирок, кыздарым кыргыз тилинде акыр бир күн эркин сүйлөйт деп ойлойм. Ал эми Феликс болсо бош убактысын бүт кыргыз тилине арнап жатат. Мисалы, парламентке ат салышып атканда Карабуурада шайлоочуларынын алдында кыргызча сүйлөгөнгө аракет жасаган. Бардык суроолорго кыргызча жооп берип атты, эл жакшы эле түшүнүп атчу. Аны менен пикир алышуу жеңил жана түшүнүктүү өткөн. Феликс билимдүү адам катары кыргыз элинин тарыхын, каада салттарын жана традицияларын жакшы билет.

- Феликс Кулов үйдө ата катары жана өмүрлүк жар катары кандай?

- Анын жанында жөн гана жайбаракат, эч нерсени ойлонбой койсоң болот. Бул нерсе аял үчүн эң башкы нерсе да. Кыздарым болсо ага таянып эркелеп калышар эле. Атасы жанында тоодой бекем чеп экенин билишчү. Ал жумушу көп болгонуна карабастан балдарга арнаганга убакыт тапчу. Аларды кышкысын тоого алып барып лыжа тепкенге үйрөтчү. Улуу кызыбыз Жамиланы ат мингенге, жебе атканга үйрөткөн. Жамилага кичине кезинде эле каратэнин ыкмаларын үйрөтүп койгон. Баса, Жамилабыз жакында эле каратэ боюнча эл аралык чемпионатта 2 – орунду ээледи.

Тектеш

XS
SM
MD
LG