Мамлекет башчынын колунан 23 адам "Кыргызстандын эмгек сиңирген мугалими" наамын алышты. Нарындык мугалим Асан Заркуновго гана "Кыргыз эл мугалими" ардактуу наамы ыйгарылды.
Куттуктоо сөзүнөн кийин мамлекет башчысы билим берүү тармагындагы айрым көйгөйлөргө токтолду. Президенттин айтымында, билим берүү тармагын мамлекет тарабынан каржылоо жылдан жылга көбөйтүлүп турмакчы. Учурда билим берүү тармагын каржылоо Ички дүң продукциянын 3,8 пайызын түзөт. Мамлекет башчынын айтымында, эмдиги жылы бул көрсөткүч 5 пайызга жеткирилмекчи:
-Мектептердеги өндүрүш комбинаттарын калыбына келтирүү абзел. Алар мектеп партасынан эле окуучуларга келечектеги кесибин тандаганга шарт түзчү. Ошондой эле кечки сырттан билим алууну да кеңейткен оң. Бул ЮНЕСКОнун билим берүү тармагындагы талаптарынын бири. Өмүр бою билим алуу талабы Кыргызстанда турмушка ашышы керек.
Мамлекет башчы Америкадагы Гарвард университетинен 89 жаштагы бүтүрүүчүнү көргөнүн айтат. Карыганына карабастан кесиптик билимин тереңдетип аткан америкалык абышканын мисалында кандай гана курак болбосун билимге умтулуу кыргызстандыктарга да мүнөздүү болорун белгиледи президент.
Учурда Кыргызстанда мугалимдердин айлыгы 600 сомдон 1500 сомго чейин. Жакында эле кыргыз өкмөтүнүн токтомуна ылайык "Жаш мугалимдин депозити" аттуу программа ишке кирген. Ага ылайык окууну жаңы бүткөн жаш мугалим үч жыл катары менен мектепте иштесе өз кесибине арнаган ар бир айы үчүн 2 миң сомдон алат. Бул күнү ушул программага ылайык топтолгон каражатты айрым жаш кадрларга тапшырылды. Ал эми "Кыргыз эл мугалими" наамын алган Асан Заркунов жаш кадрлар ишке кошкөңүл киришип атышат деген ойдо:
- Бизден айырмасы - жаш мугалимдер ишке кошкөңүл мамиле кылышат. Себеби - айлык өтө эле аз. Аларга дем берип тургудай материалдык жана моралдык колдоонун жоктугу ушундай жыйынтыкка алып келүүдө.
Асан Заркуновдун пикиринде учурда мектептер кадрлардын жана окуу китептеринин тартыштыгынан тукулжурап аткан кез.