Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:53

Заеб Эракат жөөт- палестин сүйлөшүүсүн жандантууга чакырды


РАМАЛЛА. Палестин өкмөтүнүн өкүлү Заеб Эракат жөөт-палестин тынчтык сүйлөшүүлөрүн жандантууга чакырды:

- Биз Изарилдин өкмөтүн сүйлөшүү стөлүнө токтоосуз отурууга, зордукчул аракеттерди токтотууга чакырабыз. Танкалар менен кол салуулар, киши өлтүрүүлөр менен кыйратуу –тынчтыкты жана коопсуздукту орното албайт. Тынчтык Изарилдин 1967-жылдан берки оккупациясы бүткөндө гана орнойт.

Анын аралыгында, Газа тилкесинде Израилдик аскерлердин рейддери уланууда. Израилдик аскерлер онүч жашар кызды өлтүрүп салышты. Рейдде ошондой эле бир палестин согушкердин курман болгондугу маалымдалды. Аскердик операция Жабалия качкындар тургун жайындагы палестин куралдуу топторун жок кылуу максаты менен өткөрүлүүдө. Бир жумадан берки рейддерде 65 палестин курман болду.

XS
SM
MD
LG