Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:12

ЭЛАРАЛЫК КОНГРЕСС ТҮРК ЦИВИЛИЗАЦИЯСЫ БОЮНЧА БОРБОР ТҮЗҮП, ЖУРНАЛ НЕГИЗДЕДИ


6-октябрда Бишкекте түрк цивилизациясына арналган экинчи эларалык конгресс ишин аяктады. Анын жыйынтыгында резолюция кабыл алынды. Резолюцияга ылайык кыргыз-түрк университетинин тутумунда илим изилдөө борбору түзүлүп, түрк цивилизациясына арналган эларалык журнал чыкмай болду.

“Түрк цивилизациясынын дүйнө цивилизациясындагы орду жана ролу” деп аталган бул эларалык конгресс кабыл алган резолюцияда белгиленгенге караганда, мамлекеттүүлүктү өнүктүрүү, бирдиктүү адабий тил, рухий биримдик жана урбандашкан маданият түрк цивилизациясынын негизин түзөт.

Резолюция белгилеген маселелердин орчундуусу Кыргыз президенти Аскар Акаевдин демилгесине ылайык Кыргыз-түрк «Манас» университетинин тутумунда эларалык илим изилдөө борборун жана эларалык илим изилдөө журналын негиздөө болду. Конгресстин катышуучуларына аталган борборго жана журналга түрк цивилизациясынын проблемаларына байланышкан ишмердүүлүктөрү тууралуу ырааттуу маалымат берип туруу милдеттендирилди.

Отурумда сөз алган жазуучу Чыңгыз Айтматовдун пикирине караганда, аталган конгресс түрк цивилизациясынын проблемаларын иликтөөнүн жаңы багыттарын аныктады. Кыргыз-түрк «Манас» университетинин ректору Карыбек Молдобаев болсо конгресстеги көтөрүлгөн маселелердин негизинде жакынкы аралыкта келечекке план түзүлөрүн маалымдады.

Отурумда сөз алган австриялык, орусиялык, жапондук, түркиялык ж.б. окумуштуулардын баамында бул конгресс илимий изилдөөлөрдө, китептерде, макалаларда түрк цивилизациясы деген түшүнүктүн кеңири орун алышына олуттуу салым кошту. Жыйынды уюштурган “Манас” университетинин профессору, конгресстин башкы катчысы Илхан Шахин буларга токтолду:

- Конгресстин эң башкы натыйжаларынын бири маселен, буга чейин батыштын же башка элдердин белгилүү баатырдык дастандары ар убак белгиленип келсе, эми түрк адабияты башка элдердин адабияттарында орун алынышына шарт түзүлдү.

Конгресстин катышуучусу, академик Бүбүйна Орузбаева түрк цивилизациясы түшүнүгүнүн өткөнүн, азыркысын жана келечегин тынымсыз маалымдап, дүйнө коомчулугунун эсине салып туруш керек дейт:

- "Цивилизациялардын кагылыштары" болуп атат деп бирөөлөр айтып атат. Цивилизациянын Батыш Европалык формасына өтүп эле, бактынын баарын ошолор алып келет деп Азия цивилизациясы, болгондо да мусулман цивилизациясы, көчмөндөрдүн цивилизациясы өткөн этап, мындан ары роль ойной албайт деп ачык айтылбаса да, ушундай көз-караш болуп атпайбы. Ошонун ичинде тилдердин пайда болушу, керектиги, кереги жогу айтылып атат. Ошонун баарын квалификациялуу кишилер келип, туш-туш жактан азыркысы, мурункусу, келечек тагдыры жөнүндө жакшы пикирлер айтылып атат.

Ал эми Жапониянын Осака университетинен келген түрк таануучу окумуштуу, профессор Токаши Осаванын пикирине караганда, цивилизациялардын кагылышуусу жок:

- Самуэль Хангингтон (америкалык белгилүү окумуштуу) жалпы көрүнүштү, панораманы сырттан карап туруп эле цивилизациялардын бири-бири менен кагылыштары бар деп атат. Иш жүзүндө ар бир эл өзгөчөлүккө, жаратмандыкка ээ. Маселен, Кыргызстанда эле Батыштын үлгүсүндө жашоо түшүнүгү бар. Ошол эле учурда кыргыздын өзүнүн салт-санаасы, маданияты бар. Бул экөөнү жуурулуштуруп өнүктүрсө Кыргызстандын да келечеги кеңейет. Жапонияда деле ушундай жагдай болгон.

Түрк цивилизациясынын проблемаларын талдаган эларалык конгресс Бишкекте эки күн болду. Ага 16 өлкөдөн окумуштуулар, маданий жана коомдук ишмерлер катышты. Уюштуруучулар конгресс эл аралык макамга ээ болушу үчүн аны ар башка өлкөлөрдө кезек менен өтүп турушу зарыл дешет. Бирок бул ирет өз өлкөсүндө конгресс өткөрүү ниетин билдиргендердин аттары аталган жок. Келерки жыйын эки жылдан кийин өтүшү керек.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG