Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:36

ЭНЕРГЕТИКАНЫ МЕНЧИКТЕШТИРҮҮ ЭЛГЕ ЭМНЕ БЕРЕТ?


7-октябрда Мыйзам чыгаруу жыйынында 1991-жылдан берки менчиктештирүүнүн жүрүшүн талкуулоо улантылды. Анда оппозициялык маанайдагы депутаттар кескин сын-пикирлерди айтышты. Жыйынга премьер-министр баш болгон өкмөт мүчөлөрү катышты.

Премьер-министр Николай Танаев шейшемби күнү депутаттарга эгемендүүлүк доорунун алгачкы жылдарында башталган менчиктештирүүнүн жүрүшү тууралуу маалымат берген. Андан кийин суроо-жооп талкуусу болгон. Ал эми бейшембиде болсо депутаттар менчиктештирүү боюнча сөз сүйлөштү. Анда эл өкүлдөрү жалпы менчиктештирүүнүн жүрүшүнө баа берүү менен, ушул жылы кабыл алууга өкмөт үндөп турган энергетика тармагын менчиктештирүү маселесине да токтолушту.

Алгач сөз алган депутат Турдакун Усубалиев Каракече көмүр кенин иштетүү жана ага чейин темир жол салуу маселесин козгоп, бул иш өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылууда маанилүү орун ээлемектигин белгиледи.

Депутат Акылбек Жапаров менчиктештирүү саясатын колдоо менен, энергетика тармагы тууралуу буларга токтолду:

-Бөлүштүрүүчү компанияларда тазалык болсун. Ошол жерде уурулук болбосун деп атабыз. Буга чыныгы кожоюндар келмейинче жетише албайбыз. Жарым күнгө келген кишилердин баары өз ара эсептешүү аркылуу “жайлап” кетүүдө. Бирок жаңы кожоюн тарифтерди өкмөт менен парламенттин уруксатысыз көтөрбөй тургандай кылышыбыз керек.

Андан кийин сөз алган депутат Николай Байло өкмөттүн жалпы менчиктештирүү саясатын кескин сынга алып, бул саясат завод-фабрикалардын токтошуна, элдин жакырчылыкка батышына алып келди, деди. Ал эми электр тармагын менчиктештирүү баалардын андан ары өсүшүнө алып келерин эскертти.

Депутат Ишенбай Кадырбеков буга чейинки менчиктештирүүгө адилет баа берилмейинче, андан ары менчиктештирүүнү токтото турууну сунуштады. Депутат Акбөкөн Таштанбеков болсо энергетика тармагы мамлекеттин колунда турган кезде уурулук токтолбойт деп, тармакты менчиктештирүүнү жактады.
Депутат Курманбек Бакиев талкууланып жаткан маселе тууралуу мындай деди:

- Эгерде биз баары токтотулсун деп чечим кабыл алсак, биринчиден, ал аткарылбайт. Экинчиден Эл аралык валюта кору менен мамилебиз үзүлөт. Бул деген өлкөнүн экономикасынын өнүгүүсүн токтот. Эгерде биз валюта корунан жардам албай калсак 7-8 айдан кийин экономикабыз кыйрап калат. Ошондуктан менчиктештирүүнү токтотпой, бирок ал боюнча төрт-беш айдан кийин келе турган жаңы парламент чечим кабыл алсын деген бүтүмгө келсек оң болчудай.

Депутаттар Темир Сариев, Бакыт Керимбеков жана Айдар Керимкуловдор менчиктештирүү саясатын колдоп чыгышты. Ал эми Исмаил Исаков, Өмүрбек Текебаев, Бейшебек Акунов, Орозбек Дүйшеев андагы кемчиликтерди кескин сынга алып, мына ошолорду жоймоюнча алга жылуу мүмкүн эмес деген пикирин айтышты. Депутат Исмаил Исаков мындай мисал келтирди:

- Канттагы цемент-шифер заводу канча баага, кимге сатылды? Канча пайда алып келди? Аны ким айтып берет? Бир шифер Ошко жеткизилгенче 300 сом, ал эми Алай жана Чоңалай районунун алыскы айылдарына баргыча 400-500 сомго чыгып жатат. Себеби ал жерлерде бир литр бензин 30 сом болуп жатат. Анан кантип жыргаттык деп айтып жатасыңар?

Ал эми депутат Айдар Керимкулов башкача пикирде:

- Урматтуу өкмөт мүчөлөрү, кээ бир коллегалардын сөзүн угуп отуруп, биз чын эле ушундай баары жаман, баары капкара, өкмөт элге, мамлекетке каршы иштеп жаткан өлкөдө жашап жатабызбы, деген ой келет экен. Мен мисал үчүн мындай ойго түбү менен каршымын. Менчиктештирүүнүн оң жактары болду. Бишкекте кафелер, көчөдө автоунаалар көбөйдү. Борбордун жолу оңдолууда. Урматтуу Николай Тимофеевич, бул саясатты аягына чыгарыңыз.

Бул күнү депутаттардын баары талкууланып жаткан маселе боюнча сөз сүйлөөгө үлгүргөн жок. Ошого байланыштуу талкуу жума күнү улантылат. Анын жыйынтыгында токтом кабыл алынып, андан кийин депутаттар энергетика тармагын менчиктештирүү маселесине киришмекчи.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG