Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:02

Иракта Кеннет Бигли өлтүрүлдү деген кабар териштирилип жатат


Муну британ өкмөтүнүн ырасмий өкүлү билдирди. Барымтада жаткан британдык инженер Биглини экстремисттер тындым кылып таштаганын Багдаддагы булактарга таянып Абу Даби телеканалы кабарлаган эле. Анын соңунан Биглинин көзү тазаланганын британдык телеканалдар да маалымдашты. Бирок британ өкмөтү, анын Багдаддагы элчилиги, ошондой эле Ирак бийликтери бу кабарды тастыкташкан жок. Бигли 16-сентябрда кармалып кеткен эле, аны менен бирге туткундап кетишкен америкалык эки кишини экстремисттер бир нече күндөн соң өлтүрүп салышкан.

XS
SM
MD
LG