Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:51

КЫРГЫЗ БАЛДАР КЫТАЙ МЕКТЕПТЕРИНЕ БАРЫШУУДА


Азиза Турдуева, Бишкек Кытай эл республикасында жашаган кыргыз үй-бүлөлөрү соңку жылдары балдарын негизинен кытай мектептеринде окута башташты. Алардын айтымында, мунун зарылчылыгы мезгилдин талабына жараша болуп жатат.

Кытайдын Шинжаң аймагындагы Кызылсуу кыргыз автономиялуу облусундагы Акчий, Улуучат, Актоо райондорунда, ошондой эле Артышка караштуу Каражүл, Тегирмети айылдарында, Иле аймагынын Текес ооданында кыргыз мектептери 1940-жылдардан тарта эле ачылган. Бул мектептер Үрүмчү шаарындагы Шинжаң билим берүү комитетине караштуу кыргыз басмаканасынан чыккан кыргыз тилиндеги окуу китептери менен камсыздалат. Бул жөнүндө кыргыз тили боюнча окуу китептеринин авторлорунун бири Макелек Өмүрбай мындай дейт:

-Бизде кыргыздардын үч басмасы бар. Алардын бири ушул агартуу тармагындагы басмаканабыз. Анда кыргыз мектептери үчүн бардык окуу китептери чыгарылат. Алардын авторлору жергиликтүү кыргыз илимпоз, адистер. Мисалга алсак, кыргыз эне тили, кыргыз адабияты, кыргыз музыкасы боюнча окуу китептери, ошондой эле физика, химия сыяктуу окуу китептери араб графикасынын негизинде кыргыз тилинде чыгарылат .

Иле облусунун борбор калаасы Кулжада болжол менен 20 миңге жакын кыргыздар жашайт. Шаардагы №5 кыргыз орто мектебинин директору Дүйшөн Асек мектепте өтө турган сабактарга байланыштуу:

-Биздин мектеп Түндүк Шинжаңдагы кыргыз мектептеринин бири. Биздин мектепке сабактар толугу менен кыргыз тилинде жүргүзүлөт. Бизде так илимдер боюнча сабактардан тышкары кыргыз эне тили, кыргыз адабияты, анын ичинде кыргыз тарыхы да окутулат. Ал эми кытай тили буга чейин 3-класстан окутулат эле, азыр болсо биринчи класстан эле башталат .

Дүйшөн Асекке "сиз өз балдарыңызды кайсы мектепте окутуп жатасыз?" деген суроону да узатып, төмөнкүдөй жооп алдык:

-Менин эки кызым бар. Мен аларды кытай мектебинде окутум жатам. Анткени азыркы шартта балдарыбызды кытай тилинде окутканыбыз оң болуп жатат. Азыр кытайлар өздөрү да кош тилдүү болууга умтулушууда. Мисалга алсак, бизде азыр, жогорку окуу жайларын бүтүргөндөр сөзсүз түрдө англис тилин да толугу менен өздөштүрүүгө милдеттүү. Антпесе, алардын жумушка орношушу кыйын болот. Биз да балдарыбыздын кош тилдүү болушуна аракеттенип жатабыз. Бирок үйдө кыргызча сүйлөшөбүз. Эне тилинде окутууну үйрөтөбүз .

Кытайдагы кыргыздар 1980-жылдарга чейин эле негизинен кыргыз, казак, уйгур мектептеринде окуп келишкен. Ал эми ушул тапта кыргыздардын негизги бөлүгү жайгашкан Кызылсуу кыргыз облусунун Акчий, Улуучат оодандарында да кыргыз балдарынын 70 пайызга жакыны кытай мектептеринде окушууда. Анткени буга чейин Шинжаңдагы айрым орто кесиптик жана жогорку окуу жайларындагы сабактардын бир бөлүгү уйгур тилинде окутулса, азыр кытай тилин билмейинче жогорку окуу жайларында окуу мүмкүн эмес. Бул жөнүндө
Үрүмчүдөгү техникалык институттун окутуучусу Нургазы Жумалы мындай дейт:

-Азыр эми кыргыздар эң көп жашаган Акчий, Улуучат райондорунда деле балдардын 70 пайызга жакыны кытай мектептеринде окуп жатышат. Кыргыз мектептеринин көпчүлүгүнө кытай класстары киргизилүүдө. Азыр кытай тилин билбесе жогорку окуу жайында окуш мүмкүн эмес. Кыскасы, кытай тилин билиш керек .

Ал эми Кытайдын Тарбагатай аймагында жашаган кыргыздар негизинен кытай, ошондой эле казак мектептеринде окушат.

Соңку мезгилде кыргыздар жашаган аймактарда кытай мектептеринин саны да көбөйүүдө. Ошону менен бирге, кыргыз мектептеринде бир катар сабактарды кытай тилинде окутуу маселеси да көтөрүлүүдө.

XS
SM
MD
LG