Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:56

11-октябрга аба ырайы тууралуу маалымат


БИШКЕК. Аба ырайын алдын ала маалымдоо борборунун кабарлоосуна караганда 11-октябрда Кыргызстанда ала булут каптап турат. Жаан-чачын күтүлбөйт. Батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жеткен жел жүрөт.

Абанын температурасы:
ТАЛАС, НАРЫН аймактарында түнкүсүн 0...-2 градус суук, күндүз +12...+17 градус жылуу.
ОШ, ЖАЛАЛАБАД, БАТКЕН облустарында түнкүсүн +4...+9, күндүз +14...+19 градус.
ЫСЫККӨЛ ойдуңунда түнкүсүн 0...+5 градус жылуу, кээ бир жерлерде 0...-2 градуска суук болуп, үшүк жүрөт. Ал эми күндүз абанын температурасы +10...+15 градуска жылыйт.
Сарыөзөн ЧҮЙДӨ түнкүсүн +1...+6, күндүз +14...+19 градус жылуу.
БИШКЕКТЕ күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн +4...+6, күндүз +16...+18 градус жылуу болушу күтүлүүдө.

Күндүн узактыгы 11 саат 16 мүнөт.

Кыргызстандагы соңку жаңылыктарды Аманбек Жапаров жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор Кубат Оторбаев.

XS
SM
MD
LG