- Токтомдо менчиктештирүүнүн жыйынтыгын териштирүүнү Башкы прокуратурага тапшырууну жазалы. Мындан сырткары депутаттык комиссиянын ишин үч айдан кийин эмес, декабрга чейин угууну белгилейли. Анткени декабрь айынан кийин бардык депутаттар шайлоого кетип калышат. Токтомубуз жыйынтыксыз болуп калат.
Ошентип, талаш-тартыш «менчиктештирүүнүн жүрүшүндө кетирилген кемчиликтер боюча парламенттик комиссия түзүү жана мыйзам бузуулар боюнча териштирүүнү Башкы прокуратуурага тапшыруу, жыйынтыгында 1991-жылдан бери кайсыл мамлекеттик жогорку кызматкер кандай мүлктү жең ичинен менчиктештирип алгандыгын массалык маалымат каражаттары аркылуу коомчулукка ачык жарыялоо» деген сыяктуу сунуштарды токтом долбооруна киргизүүнүн тегерегинде болду. Керимкулов,Таирбек Сарпашов, Темир Сариев жана башка депутаттар «менчиктештирүү мезгилинде олуттуу мыйзам бузуулар орун алгандыгын эч ким далилдей албайт» деп мындай сунуштарга каршы болушту:
- Эгерде биз «мамлекеттин кызыкчылыгына зыян болду» дей турган болсок. Ал үчүн далилдер керек. Андай далилдер бизде жок. Мындай күнөөлөгөн токтомду Башкы прокуратуура гана кабыл ала алат. Ал эми Жогорку Кеңеш мындай токтомду кабыл алууга укугу жок. Ошондуктан мындай пунктту кабыл алуу туура эмес, - деди Таирбек Сарпашов.
Өкмөтчүл маандайдагы депуттардын жогорудагыдай пикирине каршы Ишенбай Кадырбеков сыяктуу депутаттар төмөндөгүдөй жүйлөрүн келтиришти:
- Айрым кесиптештер «биз Башкы прокуратура эмеспиз, бизде мындай фактылар жок» деп айтышууда. Биз мындай мыйзам бузууларды мамлекет башчы тарабынан түзүлгөн Эсеп палатасынын текшерүүсүнүн жыйынтыгынан алып жатабыз. Эсептөө палатасы кайсыл обьектер боюнча кандай мыйзам бузуулар орун алып жаткандыгы жана өлкөгө канча акча түшпөй калганынын айтып айтса биз кантип Эсептөө палатасынын маалыматын эске албай койо алабыз, - деди Ишенбай Кадырбеков.
Добуш берүүгө келгенде оппозициячыл маандайдагы депутаттардын жогорудагыдай сунуштары колдоо тапкан жок. Отурум соңунда «өкмөт башчы Николай Танаевдин менчиктештирүү тууралуу берген маалыматы эске алынсын, менчиктештирүү мезгилинде айрым бир мыйзам бузуулар орун алган» деген жумшак маңыздагы токтом кабыл алынды. Ал эми оппозициячыл маанайдагы депутаттар болсо аткаруу бийлик өкүлдөрү бир аптадан бери өкмөтчүл депуттар менен жекеме-жеке сүйлөшүүсүнөн улам ушундай жумшак токтом кабыл алынгандыгын айтышып, менчиктештирүүнүн жыйынтыгы боюнча өздөрүнчө кыргыз элине кайрылуу кабыл алышаарын билдиришти.