Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:58

АКШ эркин жүрүүгө чек коюуга кабатыр


БИШКЕК. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун адам укуктарын коргоо милдеттенмелеринин ишке ашырылышына арналган конференциясында АКШнын элчиси Ларри Наппер «эркин жүрүүгө чек коюу эрежелери улуттук коопсуздукту бекемдебей, тескерисинче плюрализмди, отчеттуулукту жана жаңжалдарды тынчтык жол менен жөнгө салууну жок кылат» деп билдирди. Ларри Наппер мындай пикирин Кыргызстан, Беларусь, Армения, Азербайжан жана Орусиядагы айрым эрежелерге байланыштуу билдирип, чек коюу эрежелери бийликтин саясатынан башкача көз караштагы адамдардын өз тилектештери менен кызматташуусуна жолтоо болорун белгиледи. Маселен, Беларусь өз атуулдарынын кайда барып, кайда жашаарын атайын эреже менен белгилейт. Армения менен Азербайжанда атайын каттоодон өтүү талабы күчтүү. Кыргызстан менен Орусия да атуулдардын жашаган жери боюнча каттоодон өтүүнү талап кылат. АКШнын элчиси Өзбекстанды 2000-жылы Сухандарья областынан көчүп кеткен тажиктердин кайра кайтышына уруксаат берүүгө жана өлкөдөн чыгууга виза алуу эрежесин жоюуга чакырды. Ларри Наппер билдирүүсү боюнча, мындай эрежелер өлкө ичинде пара алуу жана аны берүүгө мажбур кылууну да күчөтөт. Мындай маалыматты бүгүн АКИ-пресс агенттиги таратты.

XS
SM
MD
LG