Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:38

Бешинчи матрица кабыл алынды


БИШКЕК. Президент Аскар Акаев Кыргызстанда жагымдуу инвестициялык абал түзүү жөнүндөгү жардыкка кол койду. Мындай маалыматты бүгүн президенттин басма сөз кызматы билдирди. Жардыкка ылайык чет элдик инвестиция тартуу боюнча бешинчи матрица бекитилип, аны ишке ашыруучу жумушчу комиссияларды түзүү милдети өкмөткө тапшырылды.

Андан тышкары бардык министрлик менен мекемелердин жетекчилери матрицанын ишке ашырылышы боюнча квартал сайын отчет берип турууга милдеттендирилди. Инвестициянын келишине жана ишкерликке жолто болгон чечимдерди кабыл алган мекеме жетекчилеринин жоопкерчилигин Юстиция министрлиги аныктап, жардыкты аткарбай койгон жетекчилерге Башкы прокуратура дароо чара көрө турган болду.

XS
SM
MD
LG