БИШКЕК. 10-октябрда жергиликтүү кеңештерге шайлоо калыс жана ачык өткөн жок. Мындай билдирүүнү бүгүн АКИпресс агенттигинде өткөн маалымат жыйынында «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун төрайымы, Бишкек шаар кеңешине депутаттыкка талапкер болгон Төлөйкан Исмаилова билдирди. Анын баамында, шайлоодо тунук үкөктөр коюлуп, добушту ачык сатып алуу болгон жок. Бирок бийликти жактаган «Алга, Кыргызстан» партиясы менен башка саясий күчтөрдүн атаандашуусуна мүмкүнчүлүк түзүлбөдү.
Андан тышкары талапкерлер үгүт иштерин жүргүзүүдө, банкта өз эсептерин ачууда жана андагы каражатты пайдаланууда административдик кысымга туш болушту. «Добуш берүү маалында Орусиянын, Казакстандын паспорттору менен добуш бергендер байкалды», деди Төлөкан Исмаилова.
Анын маалыматы боюнча Бишкектин №1116 шайлоо участкасындагы карылар үйүнөн бир кол, бир калемсап менен «Алга, Кыргызстан» партиясынын талапкерлерин колдоп белги коюлган 193 бюллетен табылган. "Бул болсо одоно мыйзам бузуу" деп билдирди Исмаилова.
Андан тышкары саат 17.00дө Бишкектин шайлоочуларынын 23 проценти гана добуш берген. "Бирок саат 20.00да ал көрсөткүч 35 процентке чыгып кетти жана бул күмөн туудурат" деди Төлөйкан Исмаилова.