Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:02

БАТЫШ МЕНЕН ЧЫГЫШКА БИРДЕЙ ТИЙИШТҮҮ ИРАКТЫК ЖАЗУУЧУ


Атасы ирактык, энеси шотландиялык жазуучу Бетул Хедаиринин чыгармаларында Батыш менен Чыгыштын баалуулуктары ортосундагы карама-каршылык сүрөттөлөт. Бирок ал мындай карама-каршылыкты саясий же экономикалык маселелер аркылуу козгобостон, тек гана жеке өзүнүн башынан өткөндөрдү, бала чагында Багдадда көргөндөрүн баяндап чагылдырат. Анткени ал өзү жазгандай, Иракта аны – "англичан аялдын кызы" дешсе, Батышта ал бардыгы үчүн – арап.

39 жаштагы Бетул Хедаири – атасы менен энесинин улуттук каада-салт, маданиятын бирдей сиңиргендиктен, өзүн Батыш менен Чыгышка бирдей тийиштүү адам деп эсептейт.

- Мен арапча жазам, арапча ойлонуп, кыялданам. Бирок жашоомдо кандайдыр проблемалар пайда болор замат, негедир дайыма менин Европалык туюм-сезимим ойгоно калат.

Азыр ал Иорданиянын борбору Амманда жашайт. Англисче - билинер-билинбес шотландиялык акцент кошуп сүйлөйт. Алгачкы китебин ал атасы автокырсыкка кабылып, күтүүсүздөн көз жуумп, энеси айыккыс дартка чалдыгып, татаал күндөр башка түшкөн учурда жазган. 10 жылда жазылып бүткөн ал китеп "Эч жылчыксыз жабык асман" деп аталып, анда Бетулдун Багдадда кичинекей чагында башынан өткөргөндөрү, айлана тегерегиндеги адамдар, окуялар сүрөттөлгөн.

-Ал китепте, - дейт автор, -Багдадда жашаган кичинекей кыздын Батышта туулуп-өскөн англичан апасынан алган таасири, атасы - араптарга мүнөздүү бардык каада-салтты карманган нагыз ирактык болгону, алардын үйүндө маданият, дин, атүгүл тамак-ашка байланыштуу майда чыр-чатактар көнүмүш адатка айланганы баяндалат. Ирактык күйөөсү менен англичан аялынын ортосунда ар бир маселе боюнча талаш-тартыш чыгып турган. Алардын кичинекей кызы ошол чатактар арасында чоңоёт. Китептин алгачкы бөлүгү Багдаддагы жашоону, экинчи жарымы Англиядагы турмушту сүрөттөйт. Ошентип, Багдадда ал кыз – "англичан аялдын кызы" деген атка консо, Англияда аны бардыгы арап катары кабыл алышат.

Бетул Хедаири батыштыктар мурда Ирак тууралуу үстүртөн гана кабардар болгонун, бардык маалыматтар каардуу Саддам Хусейндин образына байланышып, катардагы ирактыктар четте калганын айтат. "Эч жылчыксыз жабык асман" аттуу алгачкы китебинде ал бала чагындагы Багдадда чогу ойногон достору, алардын ата-энелери, коңшулары жана башка адамдардын кулк-мүнөз, жашоо-турмушун таасын сүрөттөп берген.


Экинчи китеби "Бул жерде жок адам" деп аталып, мындан алты ай мурда жарык көрдү. Бетул Хедаири бул ирет Батыш менен Чыгыштын ортосунда калган кичинекей кыздын эмес, килейген коомдун кыйынчылыктарын баяндайт. Ал өзү китеп ирактыктар билген, бирок Батыш тааныбаган мурдагы, эски Ирактан башталып, эмки - батыштыктар билген, бирок ирактыктар өзүлөрү түшүнө элек жаңы Ирак менен аяктарын айтат.

- Мен мурда эле Ирак жөнүндө жазгым келип жүргөн. Бирок ал жердеги жагдай ушунчалык оор эле, мен аны ойлоно баштаганда эле капаланып кетип, менин кайгылуу китебимди эч ким окубай коёт деп чочулачумун. Кийин ойлонуп отуруп, ошол кайгылуу кырдаалды тамаша аралаштырып жазып көрсөмбү деген жыйынтыкка келдим. Ошентип, дүйнөдөн обочолонуп калган Ирактын коому ал кезде Улуттар уюмунун санкциялары, согуштар, диктатордук бийлик алдында кандай жашоо сүргөнүн, акырындап жогорудагы жагдайлардын баары Ирактагы адеп-ахлакты, жалпы коомдук түзүлүштү кыйратканын сүрөттөдүм.

Бетул Хедаиринин "Бул жерде жок адам" аттуу китебинде да башкы каармандар – катардагы карапайым адамдар. "Мени саясатчылар кызыктырбайт, алардын ойлонбой жасаган иштеринен жабыр тарткан жөнөкөй адамдар кызыктырат", - дейт теги ирактык жазуучу. Анын китептери беш-алты тилге, алардын арасында англис, немец тилдерине которулуп басылды.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     
XS
SM
MD
LG