Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:02

УКУК КОРГООЧУ УЮМ КОШМО ШТАТТАРЫН СЫНГА АЛДЫ


Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары Жакында Хьюман Райтс Уотч укук коргоо уюму Америка Кошмо Штаттарын террордук кол салууларды жасаган деп шектелген 11 адамдын укуктарын одоно түрдө бузуп жатат, деп айыптады. Укук коргоочу уюмдун ушул шейшембиде тараткан баяндамасына ылайык АКШ "Ал-Кайыданын" мүчөлөрү деп шектелген адамдарды Гвантанамодогу аскердик базада үй бүлөлөрү, адвокаттары же эч болбосо "Кызыл Чырымдын" кызматкерлери менен жолуктурбастан кармап турат. Укук коргоо уюму АКШнын мындай жоругун адамдардын дайынсыз жок болуп кетиши кадыресе көрүнүш болгон Латын Американын диктатордук режимдеринин өзүм билемдиги менен салыштырат.

Американын президенти Жорж Буш террорчу деген шек менен түрмөгө түшкөн адамдардын баарын эле "душмандык тарапта согушкан мыйзамсыз куралчан топтор" деп атап, алар Женева конвенциясын аткарбай койгондуктан, конвенция дагы аларды коргобоорун айтып келатат.

Хьюман Райтс Уотч уюмунун жооптуу өкүлү Том Малиновский мындай аргумент туура болсо болоор, бирок бул жарым жартылай аргумент экенин, АКШ ушундай эле укуктук салмагы бар башка келишимдерге кол койгондугун айтат:

-Согуш учурунда күчүн жоготпогон Женева конвенциясынан тышкары бейпилдик өкүм сүргөн учурдагы түрдүү жагдайларды тескеген келишимдер менен эрежелер бар. Биз Женева конвенциясын карманабызбы же башка эрежелерди тутабызбы, баары бир адамдарды сырткы дүйнө менен катташтырбай, жашыруун кармоо - одоно укук бузуу болуп саналат.

Малиновский Улуттар уюмунун түрмө туткундарын кыйноого каршы конвенциясына, Жарандык жана саясий укуктар боюнча эл аралык келишимге басым жасайт.

Адвокаттын айтымында, бул келишимдер адамдар тергөө камагында жатабы же согуш мыйзамдарын этибарга албаган согушкер топтун мүчөлөрү болуп, туткундалганбы - ылгабастан баардык адамдарга тийешелүү экенин баса белгилейт.

Малиновскийдин көз карашында, алдыда айтылган укук бузуулар дүйнө жүзүндө адам укуктарын сыйлаган өлкө катары белгилүү болгон АКШнын аброюна залалын тийгизип жатат.

Шайлоо кампаниясынын жүрүшүндө президент Буш Иракка каршы согуш ачканын актап, нечен жолу сөз сүйлөдү. Анын айтымында, Америка Иракка өлкөдө демократияны орнотуу максаты менен кирди. Бирок Ирактын "Абу Граиб" түрмөсүндөгү чуулгандуу окуялар АКШ администрациянын кылган иши менен айткан сөзү эки ача экенин айгине кылды, дейт укук коргоочу:

-Бул окуялар бткүл дүйнөгө Буштун администрациясы бирди айтып, таптакыр бөлөк иш кылаарын айгинеледи. Президенттин азаттык менен мыйзам бийлигин колдогону жакшы нерсе эле тургай, террорго каршы согушта жеңишке жетүү үчүн өтө маанилүү. Бирок бул эрежелерди оболу өзүбүз карманбасак, бизге эч ким ишенбейт.

Фриидом Хаус укук коргоо уюмунун өкүлү Арч Паддингтон туткундардын сырткы дүйнө менен байланышсыз кармоо укук бузуу экенин мойнуна алат. Ошону менен бирге эле ал Буштун администрациясы укук бузууларга жол койгондугу үчүн сынга алынып жаткан жалгыз америкалык жетекчилик эмес экенин баса көрсөтөт.

Анын үстүнө 11-сентябрдагы чабуулду уюштурган деп шектелген Халид Шаик Мухамед жана Абу Зубайдах сыяктуу ана башчылардын сырткы дүйнөдөн обочо кармалып жатканы укук коргоочуга жүйөөлүүдөй көрүнөт. Эгерде АКШ түрмө туткундарынын мындай шартта кармалып жатканын туура деп эсептесе, укук коргоочулар буга кулак салуулары керек, дейт Паддингтон:

-А балким террорго каршы согуш, кадимки согушка караганда кайсы бир дэңгээлде жаңы саясатты, жаңы эрежелерди талап кылат чыгаар.

Паддингтондун көз карашында, АКШ жана анын Улуттар уюмундагы өнөктөрү менен кесиптештери ийри отуруп, түз кеңешип, Женева конвенциясы менен башка эл аралык келишимдерди жаңы шарттарда кайра карап чыгуунун зарылчылыгын талкуулоосу керек.

XS
SM
MD
LG