Комиссияга ушу кезге чейин кырк үч арыз түштү, анын отуз жетиси териштирилди. Арыздардын көбү шайлоочулардын бармагына кара сыя менен эн салуу ыкмасына байланышкан. Кабулга азыр бардык провинциялардан бюллетендер жеткирилүүдө.
Талапкерлердин арыздарын териштирип чыккан соң добуштарды саноо башталат. Үч талапкер комиссия кандай чечим кабыл алса да ага ыкрар кыларын билдиришти. Ооганстандагы коалициянын колбашчысы генерал Дэвид Барно талиптер менен “ал-каидачылардын” стратегиялык жактан утулганын шайлоонун эң чоң ийгилиги деп атады жана ооган элинин тарыхында бурулуш учур башталганын белгиледи.