Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:58

БАТКЕН ОБЛУСУНА 5 ЖЫЛ


Шайырбек Эркин уулу, Баткен 16-октябрда белгиленчү Баткен облусунун түзүлгөндүгүнүн беш жылдык мааракесине өлкө башчысы Аскар Акаевдин катышуусу күтүлгөн эле. Бирок, учак учууга ыңгайсыз аба ырайына байланыштуу өлкөнүн жогорку бийлигинен облустун мааркесине эч ким катышкан жок. Ошого карабай беш жылдык маараке Баткенде зор салтанат менен белгиленди.

Маараке Баткен шаарынын чок ортосуна орнотулган «Эркиндик» монументин ачуу аземи менен башталып, ага Ош облусунун губернатору Накен Касиев, Тажикстандын кошуналаш Согду облусунун жетекчиси Касымжан Касымов баштаган коноктор жана коомчулуктун өкүлдөрү катышты. Андан соң Улуу инсандар аянтында Баткен аймагынан чыккан кыргыздын чыгаан уулдары, белгилүү коомдук жана саясий ишмерлер Абдыкадыр Орозбековдун, Мурат Салиховдун жана Исхак Разаковдун айкелдеринин ачылуу аземи, алардын урматына арналган чакан митинг өтүп, үч инсандын өмүр жолу эскерилди. Анда бул аянтка Апсамат Масалиевдин да эстелигин кою сунушу айтылып, мындай сунушту колдогон облус губернатору Аскарбек Шадиев эстелик жакын арада орнотулаарын билдирди.

Маараке андан ары Баткен шаарынын борбордук стадионунда салтанаттуу жыйын менен уланып, облус калкын беш жылдык майрамы менен куттуктаган губернатор Аскарбек Шадиев буларга токтолду:

- Жетинин бири кыдыр деп аталат. Жетинчи облус Баткен аймагы беш жылдык майрам салтанатына жылдыздай жанып, татыктуу тосуп отурат. Беш жылдын ичинде он жылдык мөөнөттү басып өттү десем жаңылышпастырмын. Улуу урматтуу президентибиз Аскар Акаевдин көрөгөч саясатынын негизинде Баткен облусу өзүнчө аймак катары түзүлгөндүгүнө беш жыл толуп отурат. Негизинен өкмөттүк деңгээлде бир нече программалар кабыл алынган, анын негизги багыттары бул жол, ичүучү таза суу, сугат суунун проблемасы, Баткен облусунун борбору Баткен шаарынын инфраструктурасы жана толгон токой проблемалар ошол программада камтылган болчу. Бүгүнкү күндө ошол программанын негизинде көбү аткарылды. Келечекте Баткен жергеси мындан ары гүлдөп, өсүп, өнүшүнө тилектешмин.

Андан соң Ош облусунун губернатору Накен Касиев, Ош шаарынын мэри Сатыбалды Чырмашев, Өзбекстандын Фергана облусундагы Фергана районунун акими куттук сөздөрүн айтуу менен облус башчысына белек-бечкектерин тартуулашты. Ал эми Тажикстандын кошуналаш Согду облусунун жетекчиси Касымжан Касымов өз сөзүндө эки облустун мамилеси күн санап жакшырып баратканын белгиледи.

Салатанатты аскердик парад, театрлаштырылган көрүнүштөр , республиканын белгилүү обончулары, эстрада ырчылары жана облус таланттары катышкан оюн-зооктор коштоп, майрам шаңы кечке дейре уланды.

Башка облустардан айырмаланып Баткен облусу түзүлгөн күнүн жыл сайын белгилеп келет. Маселен буга дейре облустун бир жылдык, андан кийин эки, үч жылдык мааракелери белгиленип, алардын айрымдарына өлкө башчысы Аскар Акаев катышкан. Өткөн жылы да өлкө президентинин катышуусунда облустун төрт жылдык мааракеси зор салтанат менен белгиленген. Республиканын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү акын Эгемберди Эрматов эл кыйналып турган учурда мындай шаң-салтанатты уюштуруунун кажети жок эле деген пикирде:

- Бул майрам Кыргызстандын тарыхында быйыл бешинчи жолу кайталанып жаткан майрам. Арбир облустун, ар бир райондун уюшканына ушундай майрам өткөрө бере турган заман эмес. Бүгүнкү күндө элибиз социалдык-экономикалык абалда абдан кыйналып жаткан учур. Көпчүлүк адамдар Орусияда, Казакстанда акча таппай, өзүнүн жанын бага албай жүргөн учур. Ушундай учурда биз шаңгыратып майрам өткөрүп жатканыбыз туура эмес, - дейт белгилүү акын Эгемберди Эрматов.

Ошентип баткендиктер облустун түзүлгөн күнүн быйыл да зор салтанат менен белгиледи. Бирок, жылдагыдан айырмаланып, акыркы убакта облус борборунда жандуу кыймыл жүрүп, бир топ өзгөрүү байкалды. Башкасын айтпаганда да жайында чаңдан, кышында баткактан арылбаган шаардын төрт борбордук көчөсү мааракенин урматына карата асфальтталышы баткендиктерди кубандырууда.

XS
SM
MD
LG