БИШКЕК. 17-октябрда Кыргызстандын президенти Аскар Акаев баштаган делегация Тажикстандын Дүйшөмбү шаарына Борбор Азия кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин президенттеринин жыйынына катышуу үчүн жөнөп кетти. Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматка караганда жыйында уюмга мүчө мамлекеттердин ортосундагы кызматташууну арттыруу жана регионалдык коопсуздукту камсыз кылууга өбөлгө түзчү маселелер талкууланат.
Бул жолку саммитке Орусиянын президенти Владимир Путин катышмакчы. Себеби Борбор Азия кызматташтык уюмуна Орусияны мүчөлүккө кабыл алуу маселеси талкууланат.
Уюмга мүчө мамлекет башчыларынын жыйынына президент Аскар Акаевден тышкары тышкы иштер министри Аскар Айтматов, Кыргызстандын уюмдагы улуттук координатору Базарбай Мамбетов катышат.