Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:30

Ооганстанда 1 миллиондой бюллетень саналып бүттү


Ооганстандын шайлоо өкүлдөрү билдиришкендей, Пактика вилайетинде бир автомашина минага кабылып, 5 киши набыт болду. Алардын арасында шайлоокомдун 1 кызматкери да бар болуп чыкты. БУУ менен Ооганстандын биргелешкен шайлоо комиссиясынын басма сөз өкүлү кырсык бүгүн эртең менен болгонун кабарлады. Комиссия инцидент жөнүндө кошумча маалымат чогултууга аракеттенүүдө.

9-октябрда Ооганстанда алгачкы президенттик шайлоо өткөрүлгөн эле. Азырынча бир миллиондой бюллетень же добуштардын 12 проценти гана саналып бүттү. Акыркы маалыматтарга караганда, шайлоочулардын 60 пайыздайы Карзай үчүн добуш берген, 19 пайызы Канунини колдошкон. Ассошейтед Пресске берген интервьюсунда Кануни шайлоонун толук санактарын жана добуш берүү учурундагы мыйзам бузууларга байланыштуу иликтөөнүн жыйынтыктарын күтүп жатканын белгиледи.

“Иликтөө шайлоо легитимдүү болдубу деген суроого жооп бермекчи”, - деди Кануни.

Шайлоо маалындагы бурмалоо фактыларын аныктоо үчүн чет элдик эксперттерден турган атайын топ түзүлгөн.

XS
SM
MD
LG