Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:08

БАШКА МУСУЛМАН ӨЛКӨЛӨРҮНҮН АСКЕРЛЕРИНИН ИРАККА КЕЛИШИНЕ АКШ КАРШЫ


Нарын АЙЫП, Прага Ирак өкмөтү согушкерлерден курал сатып алуу мөөнөтүн дагы үч күнгө узартты. Ирактагы британиялык кээ бир аскерлер түштүктөн Багдадды көздөй которулмай болду. АКШ өкмөтү болсо мусулман мамлекеттерден келип, Ирактагы шайлоону кайтара турган биргелешкен аскерий топ түзүү демилгесине каршы чыкты.

Ирактын борбору Багдад шаарынын Садр-сити аймагында согушкерлерден курал сатып алуу иши уланууда. Алгач ал бир аптага созулат деп жарыяланган жана 11-октябрда башталган, бирок премьер-министр Айяд Аллави 18-октябрда - анын мөөнөтү дагы үч күнгө узартылганы тууралуу билдирди. Анткен менен полковник Шарек Зайердин айтымында, үч күн дагы аздык кылат:

- Мөөнөт дагы үч күнгө узартылды, анткени абдан көп курал тапшырылып жатат. Анын 40 пайызын гана алганга чамабыз жетүүдө, ошондуктан кошумча үч күн дагы аз боло тургандай. Мунун максаты - Муктада ас-Садрдын согушкерлерин куралсыздандыруу.

Бул программага бардыгы болуп бир миллион 200 миң доллар бөлүнгөн жана эми дал ушундай аракет түштүктөгү Басра шаарында, андан соң дагы башка аймактарда улана тургандай.

Ал эми Ирактын борбор чөлкөмүндө акыркы апталарда өтө көп салгылашуу болуп, ал жердеги америкалык аскерлер жетишпей жаткандыктан, салыштырмалуу тынч түштүк Басра аймагында жайгашкан британиялык аскерлердин алты жүз элүүгө жакынын Багдад тарапка жылдыруу аракети көрүлүүдө.

Бирок бул кадыресе сыяктуу окуя Улуу Британия коомчулугунун бүйрүн бир топ кызытты, кээ бир саясатчылар аны АКШда жакында боло турган президенттик шайлоо менен дагы байланыштырууда. Өлкөнүн коргоо министри Жеф Хун аларга 18-октябрда жооп берип, маселе - январга белгиленген Ирактагы шайлоонун коопсуздугун камсыз кылууда деп билдирди:

- Дем алыш күндөрү айтылган ар башка жоромолдор бул аракетти саясий деп, аны шайлоо менен байланыштырууда. Мен аны түшүндүрүп берейин - АКШ тараптан айтылган сураныч таптаза аскерий нерсе жана ал АКШдагы шайлоо менен эмес, Иракта келерки январда өткөрүлүп жаткан шайлоо менен гана байланышкан.

Ирактагы шайлоону коопсуз жагдайда өткөрүү абдан орчундуу маселеге айланууда. Былтыркы жардыруулардан кийин Бириккен Улуттар өз кызматкерлерин Ирактан чыгарып кеткен. Бирок бул уюм өлкөгө кайтып келип, шайлоону өз көзөмөл алдында уюштурбаса, анын жыйынтыктарын кээ бир саясий топтор тааныбай коюшу мүмкүн. Ошондуктан өткөн жай айларында Сауд Арабия демилге көтөрүп, дүйнөнүн мусулман мамлекеттеринен чогултуп, биргелешкен аскерий топ түзүүнү сунуштаган. Ал аскерлер Бириккен Улуттарга гана баш ийип, шайлоо аракеттерин коопсуз кылууну өзүнүн негизги максатына айлантмак.

Бирок Индонезия, Мисир жана Пакистан сыяктуу кээ бир мусулман өлкөлөрү ага каршы чыккан жана айрым ирактык саясатчылар дагы кошуна Ирандан аскер келишин жактырган эмес. 18-октябрда болсо АКШ өкмөтү атайын билдирүү жасап, бул демилгеге Вашингтон дагы, Ирактын утурумдук өкмөтү дагы каршы деп жарыялады. Анткен менен ирак өкмөтүнүн кээ бир мүчөлөрүнүн айтымында, маселе чечиле элек болчу жана өкмөт азыр саудиялык жетекчилик менен сүйлөшүү жүргүзүп жаткан.

Алардын айтымында, Эр-Рияддын бул сунушун четке кагуу - таптаза америкалык чечим, анткени Ирактагы аскерий аракеттерди башкарууну Вашингтон эч бир башка өлкө же уюмга өткөрүп берүүгө макул эмес. Расми деңгээлде болсо АКШ жетекчилиги Иракка мүмкүн болушунча көбүрөөк башка мамлекеттердин аскерлеринин жана Бириккен Улуттардын дагы кайтып келишин жактайт.

XS
SM
MD
LG