Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:36

Кыргызстандын 4-Спартакиадалык оюндары жыйынтыкталды


ЖАЛАЛАБАД. 4-спартакиадада олимпиадалык оюндардын 12 түрү боюнча мелдештер өткөрүлдү. Анда 7 облустун, Ош жана Бишкек шаарларынын командалары мөрөй талашты. Спартакиаданын таймаштарында өлкөнүн 1 миң 500дөй спортчусу күч сынашты.

Мурдакы спартакиадада жеңип чыккан командаларга ири өлчөмдөгү акчалай сыйлыктар берилсе, быйылкы жеңүүчүлөргө үч даражадагы диплом жана медалдар гана ыйгарылды.

4-спартакиадалык оюндарда жалпы командалык биринчиликти Бишкек шаарынын командасы төртүнчү ирет колдон чыгарган жок. Экинчи орун Чүй облусунун командасына ыйгарылды. Жалалабаддык спортчулар өз жергесинде байгелүү үчүнчү орунду камсыз кылышты.

XS
SM
MD
LG