Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:06

Молдовалык айылда орус тилдүүлөр менен тиреш уланууда


Өлкөнүн чыгышындагы Варнита айлынын тургундары орус тилдүү сеператисттер орноткон бажы бекеттерин алып салууну талап кылып, чоң жолду бөгөп алышты. Алар Тигинага жана Кишиневго баруучу жолду бетон-таш менен тосуп турушат. Варнита - Молдованын көзөмөлүндө, бирок Молдова жана андан өз алдынчалык жарыялаган Днестр жумуриятынын ортосундагы куралсыздандырылган тилкеде жайгашкан.

Полициянын билдиришинче, кечээ эртең менен орусиялык тынчтык аскерлери айылга келип, жолду тазалашты, бирок айыл тургундары аны кайра тосуп алышты.

XS
SM
MD
LG