Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:09

106 миллион Канада долларына турукташтыруу фонду ачылат


БИШКЕК. Кыргыз өкмөтү Кумтөр кенин иштеткен «Центерра голд» компаниясынын Кыргызстанга тиешелүү акциясын сатуудан түшкөн 106 миллион Канада долларына өлкөдө турукташтыруу фондун түзүүнү пландаштырууда. Бул тууралуу бүгүн Мыйзам чыгаруу жыйынынын комитетинде Каржы министринин орун басары Ольга Лаврова билдирди. Анын айтымына караганда, мындай каражат келечекте өлкөдөгү саламаттыкты сактоо, билим берүү тармагын колдоого жана айрым кудуретсиз деп жабылган банктарга алданган аманатчылардын акчасын кайтарууга жумшалышы пландаштырылууда.

Кыргыз өкмөтү өткөн жылдын соңунда Кумтөр ишканасынын 70% акциясын кошуп Канаданын «Камеко» компаниясы менен бирдикте «Центерра голд» компаниясын түзгөн. Бул компаниянын 30% акциясы кыргыз өкмөтүнө тиешелүү экендиги маалымдалган. Өкмөт мындай операцияны пайдалуу деп эсептесе, оппозициялык саясатчылар мамлекетти, элди алдоо катары баалап келишүүдө.

XS
SM
MD
LG